Директордун ордуна калыбына келтируу боюнча доо арызы

добавлен 15 декабря 2020 16:20
просмотров 890

 

 

2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья  Ч. Н. Ибраеванын төрагалыгынын алдында Эралиевдин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигине караштуу башталгыч билим берүү агентигинин алдында «Эмгек резервинин» дене-тарбия жана спорт боюнча респуликалык борбордун директорунун ордуна  калыбына келтируу боюнча доо арызы каралууда. Бул иш жонундо бир нече ирет жазганбыз.

Сот отурумуна агенттиктин өкүлү, Эралиевдин  өкүлдөрү жана бир күбө келди. Бул күнү сот күбөнү сурады, ал Агенттиктин кадр бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. Доогердин окулу кубого Эралиев WhatsАpp аркылуу жоноткон SMS-тин сриншот кылынган сүрөттун корсотту, жана «Сиз буз СМСти алдыныз беле?» деп суроо берди. Кубо ал учурда башка болумго командировкага жонотулгондугун айттып, СМС тууралуу эсинде жок экендигин билдирди.  себеби ага коп кызматкерлер СМСкат менен кайрылышат. Агенттиктин окулу бул СМСтерди жасап койсо болот, номери корунгон жок деген ойду айтты. Судья да окулдун оюна кошулуп бул СМСтерди Эралиев чынында эле озунун номеринен адистин номерине жазгандыгын далилдоо учун, телефонун алып келип текшеруу зарыл экенин айтты. Ошондой эле Агенттиктин окулу дагы эки кубону суроо боюнча отунуч киргизди. Сот аларды канаатандырды. Ошону менен кийинки отурум 2020-жылдын 16-декабырына жылдырылды.