Доогер келбегендиктен иш кароосуз калтырылды

добавлен 20 октября 2020 11:36
просмотров 989

 

 

2020-жылдын 19-октябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А. А. Темирбекова  жаран  Эралиевдин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жумушка калыбына келтирүү жөнүндө доосун карады.  

Сот отуруму 10 мунөткө кечирээк башталды, судья ишти кароону ачык деп жарыялады. Отурумга доогер келген жок, агенттиктин өкүлү келди. Судья кайсы иш каралып, ким төрагалык кылып жатканын жарыялады. Андан соң судья тараптарды  процессуалдык укутары менен тааныштырып өттү. Агенттиктин өкүлү иш создуктурулуп кеткенин айтып, доону кароосуз калтырууну суранды.  Судья тараптын оюн угуп, кеңешме бөлмөсунө кирди. Жарандык-процессуалдык кодексинин 222-берененин 6-пунктуна ылайык сот доону кароосуз калтырууну аныктады.