Май айында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин коомдук кабылдамасына Талас облусунун Кара Буура айыл өкмөтунун тургуну Казиева Шарапат Медетбековна кайрылган. Ал Талас областык сотунун сот курамына М.И. Ибраимовдун, Т.Н. Момуналиевдин жана А.Ж. Бердикеевдин үстүнөн арызданып келген.
Иштин маңызы: Арыз ээси сотко кайрылган себеби Кара-бура айыл окмотунун 4-май 2004 жылдагы №249 токтомун мурда курулган Кызыл-Адыр айылы Май кочосу №18 «а» да жайгашкан турак жайды Аблаев Эшенкул Жонотбековичтин менчигине бекитип беруу жонундогу токтомун, Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укутарды каттоо башкармалыгы тарабынан берилген жогорудагы даректеги жер участогунун жеке менчик укугу жоунундогу 2005жылдын 3-майындагы №245»а» менен катталып берилген сериясы «Ч» № 237808 сандуу мамлекеттик актыны жокко чыгарып берууну суранган. Бул турак жак мыйзамсыз Аблаевге өтүп кеткен.
Сот териштирүүсү: Ошондо доогер арыз менен Талас областынын райондор аралык сотуна судья А.Бекмурзаевге кайрылып, ал судья ишти карап 10-ноябрь 2011жылы толугу менен доо арызын канаттандырып берген.
23 январь 2012 жылы Талас областык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: торагалык кылуучу М.И. Ибраимовдун, судьялар Т.Н. Момуналиевдин жана А.Ж. Бердикеевдин болуусу менен Аблаев Эшенкул Жонотбековичтин апелляциялык даттануусунун негизинде иштин мыйзамдуулугу текшерилип буткөн. Жыйынтыгында соттун биринчи инстанциясынын чыгырган чечеми бузулуп, Э.Аблаевдин апелляциялык даттануусу канааттандырылган жана чечим жарыяланган учурдан баштап кучунө кирген.
Кептин төркунундө, бул жерде Кара-Буура райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан мулктун туура эмес мыйзамдашканы көрунуп эле турбайбы. Себеби, 2004 жылы эле системалык каттоо өткөруудө калпыстык кетип, менчиктин анык мурас ээлери тура табылбай жана бул жөнундө кабарланбай калган эмеспи. Муну таңсак, акылга сыябы? Кантип эле көзу өтуп кеткен адамдардын менчигинин ээси жок болуп калсын. Албетте убагында менчик мураскорлору да бул маанилуу ишке турмуштун ачуу агымына туруштук бере албай, астейдил мамиле жасай алышкан эмес. Жарык дүйнөдө булар менен эсептешпей койуу акыйкаттуулукту алып келбес.
P.S. Эртең 15 майда бул иш көзөмөл ирээтинде Жогорку сотто каралат. Каралуучу сот инстанциясы бул Чубактын кунундай чубалган мулк ишинин чегинде ак менен караны туура тааныйт,- деп жана анын чечимин мыйзам чегинде болооруна ишенип артып, акыйкатчылык менен эртенкиден умут узбөйлук.
Ата мурасын калыбына келтирууну таамай көрсөткөн Кыргыз мамлекетинин Конституциясында көрсөтулгөн менчиктин жана анын мураскорлорунун укуктарынын ыйыктыгын сактоону жана анын кол тийбестигин унутпайлык.