20- майда Кемин райондук сотунда откон мониторинг

добавлен 28 мая 2020 10:21
просмотров 678

 

 

2020-жылдын 20 майында Чүй облусунун Кемин райондук сотунда төрагалык кылуучу сот Джунушалиева И. А. катышуусунда жаран А.У. Т. карата Кыргыз Республикасынын КЖК 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча козголгон кылмыш иши каралды. Отурум бир саат кечигуу менен башталды. Судья биринчиден айыпталуучунун оздугун аныктап, андан айыптоо актысын убагында алгандыгын сурады. Айыпталуучу убагында тааныштым деп жооп берди. Ошондой эле ага укуктары окулду. Төрагалык кылуучу андан соң үч жабырлануучунун  оздугун тактап, алардын укуктарын окуп берди.

Судья ишти карап баштаардан мурун отунучтор болобу деп сураганда, бир жабырлануучун өкүлү иштин материалдары менен таанышуу үчүн убакыт берип, отурумду башка күнгө жылдырууну суранды. Прокурор менен айыпталуучунун адвокаты каршы пикир келтиришкен жок, бирокалдына ала таанышып койсоңуз болмок деп нааразы болушту.

Отурум соңуңда 27 майга саат 10:00 жылдырылды. Судья эки тарапка элдешүү мүмкүнчүлүгүн эскертти.