Кемин райондук сотунда мониторинг

добавлен 20 мая 2020 14:55
просмотров 981

 

 

2020-жылдын 19-майында Чуй облусунун Кемин райондук сотунда төрагалык кылуучу судья И. А. Джунушалиеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын КЖК 138-беренесинин 2-бөлүмү бонча   козголгон кылмыш ишин каралды.

Сот отурумуна жабырлануучу А. К. С. келген жок, анын баласы А. М. К. катышты, калган тараптар бары келишти.

Отурум саат 15:00 коюлган, бирок жарым сааттык кечигүү менен башталды.

Судья айыпталуучу Дж.Б.А. өздүгүн тактап, андан айыптоо актысы менен таанышкандыгы жонундо сурады. Айыпталуучу таанышкандыгын билдирди жана озунун процессуалдык укуктары менен тааныштырылды. Ошондой эле жабырлануучунун өкүлү А. М. К. өздугу такталып, укуктары окулду.

Айыпталуучунун жактоочусу элдешүү жөнүндө макулдашууну иштин материалдарына тиркоону өтүнүч кылды. Мамлекеттик айыптоочу тиркоого каршы пикир келтирген жок, бирок бул кылмыш өзгөчө оор болгондуктан элдешүүго  мыйзам жол бербейт экендигин билдирди. Сот элдешүү макулдашууну жана айыпталуучунун арызын иш материалдарына тиркеди.

Сот отурумдун катышуучуларынан судья: «Жабырлануучунун өзү жокто ишти кароого мүмкүнбү?»- деген суроо койду. Баардыгы макул болушту, себеби жабырлануучу азыр ооруканада оор абалда экендигин белгилүү болду.

Андан кийин судьяпрокурорго сөз берди. Ал айыптоо актысын окуду: жаран Дж. Б. А.  жаран А. К. Сны спирт ичимдик ичишкенден кийин сабап ден-соолугуна оор залакат келтиреген. Айыпталуучу акты менен жарым жартылай макул экендигин айтты. 

Ушуну менен отурум аяктады. Судья 28- майдын саат 10:00 чейин танапис жарыялады, себеби соттун имаратын инфекцияга карышы химиялык тазалоо үчүн Санэпидемстанциянын кызматкерлери келип сот залын бошотуп берүүнү сурашкан.

P.S. Соттко кирерде "бет кап менен кируу" деген жазуу илинип турат. Бирок сотто ишетеген кызматкерлердин арасынан бет кап кийген эч ким жок.