Катышуучулар: Жарандык кеңештин юристтери - Сабыржан Мамбетов, Өмүрбек Рыскелдиев; Рита Карасартова- ЖК координатору жана соттордун аракетинен жабырлангандар.
Азырынча Кыргызстандын саясый күчтөрү сот реформасынын биринчи кадамдары - “ак ниет жана жаңы” сотторду тандоо жөнүндө ойлонуп жатканда, күн сайын жүздөгөн адамдар биздин өлкөдө сот адилеттүлүгү орной тургандыгынан үмүтүн үзүп жатышат. Азыркы күндө коомдук кабылдамага соттордун үстүнөн пикирлер менен 1357 киши кайрылды, анын ичинен документтелген даттануулардын 40 % соттор тарабынан менчик укугу бузулган адамдар. Күн сайын Кыргызстандын жарандары өз менчигинен айрылып, коргой албай жатышат. Эгер, системаны өзгөртүп жана соттордун жоопкерчилигин жогорулатпасак , жаңы сотторду тандоо менен эч нерсе өзгөрүлбөйт.
Мисалы: Мамакеева аттуу жаран (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардагер) карызга акча алып, карыз берүүчүгө ишеним кат берген, карыз төлөөдөн баш тарткан жок, бирок анын үйүн ишеним кат аркылуу (мөөнөтү өткөн) башка кишиге жаздырып коюшкан, башкача айтканда сатуу жана сатып алуу келишимин жүзөөгө ашырышкан. Доогер тарабынан ишеним каттын көчүрмөсүн суратуусун жана келишимдин мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүч келтиргенине карабастан Октябрь райондук сотунун судьялары Балкыбекова Д., Сабитова Ж. доонун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти карабай жатышат.
Ашубаева аттуу жаран дагы мүлкүн күрөөгө коюп, насыя келишимин түзгөн. 2010 жылы 17 январда бул келишимдин мөөнөтү бүтүш керек эле, 2009-жылы 8-декабрда Ленин райондук САК нын Сот аткаруучусу Жусупов Н.А күрөөгө коюлган мүлктү ачык соодалап жиберген. Ашубаева сот аткаруучунун аракети мыйзамсыз экендигин сот аркылуу далилдеген жана (КР Жогорку сотунун чечими бар) ал мамлекеттик Ленин нотариусунун жасалма аткаруу барагынын негизинде ишке ашырган. Бүгүнкү күндө эки мамлекеттик кызматкердин үстүнөн прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон, бирок Ленин райондук сотунун судьясы Мельникова М. ишти өндүрүшкө албай жатат.
Мааткеримова аттуу жаран карыздын эсебинен Кожобаевадан жер тилкесин алган (2004 жылы), бүт документтерди каттаткан, үй курган, айланасын жакшырткандан кийин 2009 жылы жердин мурунку ээси Бишкек шаардык район аралык сотуна Ленин райондук администрациясынын токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Эки жолу Бишкек шаардык район аралык соту бул мүлк Мааткеримованын менчиги экендигин тааныган жана эки жолу Бишкек шаардык соту ишти кайра кароого биринчи инстанцияга жөнөткөн. Сот териштирүүсүнүн үчүнчү айлампасында Бишкек шаардык район аралык сотунун судьясы Бекбаева Н, Кожобаеванын доо арызын канааттандырган. Бишкек шаардык соту 1-инстанциянын чечимин күчүндө калтырган жана бүгүнкү күндө Мааткеримова КР Жогорку сотунда боло турган сот териштирүүсүн күтүп жатат.
Тургунбаева аттуу жаран Ленин райондук сотунун судьясы С.Конурбаевдин чечими менен өз үйүнөн чыгарылган. Бул чечимге негиз болуп, Тургунбаева үйдү күрөөгө коюп, тууганына акча алып берген. Тууганынын карызды төлөп берүүгө даяр экендигине (акча алгандыгы тууралы далил документтер бар), жана сот жыйынында күбөлөндүргөнүнө карабастан, экинчи тарап, карызды алуудан баш тартып, сот аркылуу мүлктү алып алды ( ал мүлктүн баасы, алган каражаттан бир эсе ашып түшөт). Мүлктү тартып алуу боюнча Кыргызстанда бүтүндөй схема иштейт жана бул схемада соттордун дагы роль ойноору белгилүү.
Кыргызстанда качан сот каталарын оңдой турган механизм иштей баштайт? Жарандык кеңеш прокуратура органдары аркылуу билип туруп адилетсиз чечим чыгаргандарга кылмыш ишин козготуу боюнча демилгени баштады. Бул соттордун ээн баштыгын токтото алабы???
Биздин дарек: Бишкек шаары, Манас пр.16 (Москва көчөсүнүн кесилиши) 102 бөл, тел. (0312) 316232, Email:koom.kg@gmail.com Веб сайт www.koom.kg