2010-жылдын «Апрель элдик революциясынан» кийин июнь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна мурдагы Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен судьялык кызматка келишкен:
1. Абдрахманов Жакып Токтобекович мурдагы Чуй облустунун Жайыл райондук сотунун торагасы.
2. Арапбаев Нурсейит Макенович мурдагы Ош облустук сотунун судьясы.
3. Мураталиев Ранылбек Эсенгелдиевич мурдагы Нарын областык сотунун торагасы.
Ушул кунго чейин Жогорку Кенештин алдында судьялык ыйгарым укуктарын жузоого ашырыш учун ант беришкен эмес. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо Конституциялык мыйзамынын 5-беренесинин 1-болумундо: Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жузоого ашырышы ант берген кундон тартып башталат. Ошол эле берененин 2-болумундо: Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Жогорку сотун судьялары антты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышында оздору шайланган куну беришет. Соттук оз алдынча башкаруу органы жонундогу мыйзамынын 2-беренесинин 1-болумундо Соттук коом Кыргыз Республикасыныи бардык судьяларынан турат. Соттор ант берген кундон баштан соттук коомдун мучосу болун эсептелишет деп даана, бадырайып жазылып турса дагы биздин сот бийлигин жетекчилери бул мыйзамдарды коз жаздымда калтырып келишуудо. Аты аталган Жогорку соттун судьяларынын легитимдуулугу, бул сульялардын кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугунун жоопкерчилиги бугунку кундо кимдин мойнунда болот?
Себеби Жогорку соттун судьялары Жогорку Кенештин алдында ант берген кундон тартып кана мыйзамдуу ыйгарым укутарга ээ болушат.
Эртенки кундо Кыргыз Республикасынын Жогорку соттунун Конституциялык палатасы тузулуп, ишке киришип, бул судьялар кабыл алган чечимдер боюнча арыз, даттанууларды карап, мыйзамдуу чечим кабыл алына турган болсо Абдрахманов Жакып, Аранбаев Нурсейит жана Мураталиев Рапылбек кабыл алган чечимдеринин негизинде сот жообуна тартылып, жабырланган адамдардын тагдыры, алардын адам укуктары учун ким жооп берет?
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Жогорку соттун ушул судьяларынын легитимдуулугу, алар кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу боюнча козомол жургузуп, Жогорку Кенешке, Соттор кенешине кайрылып, мыйзамдуу чара коруп, оз милдетин так аткарбагандыгы, окунучтуу.
Эртенки кундо коомчулукта Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо Конститутциялык мыйзамынын жана Соттук оз алдынча башкаруу органы жонундогу мыйзамынын талаптарынын аткарылбашынан Жогорку соттун ушул судьяларынын кабыл алган чечимдеринин аркасынан чон нааразылык жаралышы мумкун. Себеби Жогорку Кенеш 2010-жылдын ноябрь айынан бери легитимдуу иш жургузуп келе жаткандына карабастан ар кандай белгисиз себептер менен «Жогорудагы» судьялардын анты берилбей келе жатат.