Куболор келбегендиктен соттук процесс жылдырылды

добавлен 02 августа 2018 10:19
просмотров 1121

 

 

2018-жылы 31-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков мурунку айыл-чарба министри Ч. Узакбаевдын "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул тууралуу жазганбыз.  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков Соттук отурумду ачык деп жарыялаган соң, соттук териштирүү ишин баштады. Эки кошумча күбө келбей калганын, командировкада жүргөнүн, кийинки отурумга келип каларын  соттолуучу айтып берди. Судья М. Термечиков тараптардын макулдугу менен иштик материалдарды изилдөөгө өттү. Ошондой эле, кийинки соттук отурумга эки кошумча күбөнүн келишин жана иштик материалдарды изилдөө учурунда сурап коерун  ырастап өттү.  Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков ден соолугуна байланыштуу соттук териштирүү ишин  14-августь күнү саат 14:00го жылдырды.