Коррупцияга каршы курошуу кызматынын кызматкерлерине Бишкек шаардык соту окум чыгарды

добавлен 18 июля 2018 21:04
просмотров 1648

 

 

2018-жылдын  17-июль күнү  Бишкек шаардык сотунда судья А. Ж. Момуналиевдин  төрагалыгында,  судьялар К. С. Есекеев менен Н. К. Чериков курамында турган соттук коллегия айыпталуучулар: З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаевдын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин "Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү" жана "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз.   Жарыш сөздү алгач Мамлекеттик айыптоочу баштап, анда, З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаевды күнөөлүү деп таап, З. Суваналиевге 4 жыл, Ч. Алманбаевга 1 жыл, А. Мусаевге 3 жыл эркиндигинен ажыратуусун  суранды. Жабырлануучунун жактоочулары, окуя болгон учурда катышкан УКМКнын кызматкерлери: Жакыпбеков, Мукамбетов, Досманбетов соттук териштируу ишине келбегенине байланыштуу, аларга юридикалык баа бербей туруп, соттолуучуларга: З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаевды актоо, же жазалоо учун, соттук акт чыгарууга мумкун эместигин айтышып, ошондой эле,  2017-жылынын 17-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чыгарган окумун жокко чыгарып, тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу максатында ишти прокурорго кайтарууну суранды. Ал эми соттолуучулардын жактоочулары,  УКМКнын кызматкерлери мыйзамдуу иш алып барышканын, күнөөлүү эместигин айтышып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылы 17-декабрында чыгарган чечимин күчүндө калтырышын суранышты, ошондой эле соттолуучулар:  З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаев дагы күнөөсүз экендигин айтышып Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырышын суранышты. Жабырлануучунун жакын туугандары, соттолуучулардын айткандарына ишенбөө керектигин билдирип, соттон бир гана акыйкат чечим чыгаруусун өтүнүштү. Соттолучулар акыркы созундо биринчи  инстанциянын окумун кучундо калтырууну отунушту.    Акырында, Бишкек шаардык сотунун судьясы А. Ж. Момуналиевдин  төрагалыгында,  судьялар: К. С. Есекеев менен Н. К. Чериков курамында турган соттук коллегия чечим чыгарып, 2017-жылы 17-декабрында Бишкек шаарынын  Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырылды.