Коррупцияга каршы курошуу кызматынын кызматкерлерин айыптоо боюнча кылмыш иши жарыш созго жетти

добавлен 17 июля 2018 11:08
просмотров 1363

 

 

2018-жылдын  12-июль күнү  Бишкек шаардык сотунда судья А. Ж. Момуналиевдин  төрагалыгында,  судьялар: К. С. Эсекеев менен Н. К. Чериков курамында турган соттук коллегия, айыпталуучулар: З. О. Суваналиев, А. А. Мусаев, Ч. Алманбаевдын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин "Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү" жана "Шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул иш жөнүндө жазганбыз.

Соттук процесс күбөлөрдөн сурак алуудан  баштады, С. Усенбаевге жабырлануучунун жактоочусу: «Самат мырза, айтсаныз кабинетке кирсем стулдун бир буту сынган экен, бут кийимдери өзүнчө чечилган экен кагаздар дагы чачылыптыр дейсиз, бул курөшүүнүн натыйжасында болгон чачылуубу, же медициналык  жардам берүүнүн натыйжасында болгон чачылуубу?»,күбө:«Курөшүүнүн натыйжасында болгон чачылуу»,-дегенде, айыпталуучулардын жактоочулары, кубөгө: «Сиз эмне көрдүнүзбү?», күбө: «Жок, бул менин жеке пикирим, өз оюумду айттым»,- деп жооп кайтарды, анда, «Демек, өз оюу экен»,- деп айыпталуучулардын жактоочулары сөзүн бүтүрүштү. Кийин КММАда эмгектенген Г. Дуйшоналиева күбөгө чакырылып, суракка алып башташты, ага дагы С. Усенбаевге берилген кудум суроолор  «Саат канчада кордунуз? Окуя саат канчада болгон? Кабинетине мурун киргенсизби?» деген сыяктуу суроолор берилди.

Күбөлөрдү сурап бүткөндөн кийин cоттук коллегия иштик материялдарды изилдөөгө өттү, ошол учурда жабырлануучунун   туугандары: «Эмнеге күбөлөр толук келелек туруп, материалдарды изилдоого отуп жатасыздар?! Досманбектов эмнеге келбейт? Сиз биздин укукту бузуп жатасыз, урматтуу төрага»,- деп кыйкырып чыкты, анда соттук коллегиянын төрагасы: «Бизге тоскоолдук жаратпаныз, эч кимдин укугу бузулган жок»,- деп ишин улантты.

Соттук коллегиянын төрагасына ишенбөөчүлүк келтирүү менен бирге жабырлануучунун жактоочулары, УКМКнын кызматкерлери: Мукамбетов,  Досманбетов, Жакыпбеков, Бектемиров жана Таалайбековдордун аракеттерине юридикалык баа берилбестен туруп, соттолуучулар З. Суваналиев, А. Мусаев, Ч. Айманбаевтарга карата соттук акт чыгаруу мумкун эместигин билдирди.  Ошондой эле, одоно мыйзам бузууга барган тергөөчү Сейдакматовго карата жаны аныктама чыгаруусун өтүндү. Кыргыз мамлекеттик юридикалык  академиядан сурамжылоолор материалга тиркелбей калган (тактап айтканда, Гапаровду кармоо учурунда, Юридикалык академиянын студенттери понятой болушкан, алардын окуу журналдагы келген келбегени боюнча журналдын кагазы), далил катары тиркелүүсүн жана «тыншоо боюнча уруксат алынган» материалдарды тиркелүүсүн өтүнүштү.  Соттук коллегия алардын берген материалдарын жана өтүнүчтөрүн карап, кийин негизсиз деп таап, өтүнүчтөрүн четке какты.

Жарыш созго мамлекеттик айыптоочу даяр болбогонуна байланыштуу, соттук териштирүү иши 17-июль саат 10:00го жылдырылды.