Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго кайрылуу кат

добавлен 21 апреля 2018 18:37
просмотров 6424

 

 

                                 Кыргыз Республикасынын Президенти

                                  Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

                                                                                                            Ош областынын Ош шаарынын тургуну,

                                                                                                           03.06.1985-жылы туулган, 2 баланын апасы,

                                                                                                           Баткен райондук сотунун торайымы

                                                                                                             Эгембердиева Аида Салибековнадан

 

 

 

 

 

                                                                                             КАЙРЫЛУУ КАТ!

 

         Урматтуу Президенттибиз Сооронбай Шарипович акыркы учурда болуп жаткан айрым окуялар соттун корпусунда гана эмес жалпы коомчулуктун арасында олуттуу тынчсыздандыруу жаратып жаткандыгына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Президенти, соттук реформалоо кенештин торагасы жана Конституциянын гаранты катары Сизге кайрылуу  жолдоого мажбур болдум.

         Олкобуз эгемендулукко ээ болгонгондон бери, сот реформасы журуп, орчундуу озгоруулор болду, соттук корпустун 80-90%  жаныланып, жаш, билимдуу, кесипкой, инсандык сапаттары бийик судьялардын дайындалусуна аракеттер жасалган. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-ноябрында №288 Указы менен 5 жылдык моонотко Баткен райондук сотунун судьясы болуп дайындалганмын. Ошол убакыттан бери мыйзамдуулукту туу тутуп, сот адилеттуулугун жузого ашырып, адилеттуу жана мыйзамдуу соттук актыларды чыгарып, эл учун кызмат кылып келдим, тактап айтканда ушул кунго чейин 1338 иштерди карап, анын ичинен 57 иш (5%) даттанылып, даттанылган иштердин сапаттык корсоткучу 75% тузот.

Бирок тилекке каршы турлуу, негизсиз  шилтемелер болуп, 23-март 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Соттор Кенешине караштуу Тартиптик комиссиясы тарабынан мыйзамсыз аракеттер жургузуп,  кызмат ордунан моонотунон мурда бошотуу жонундо каттуу чара колдонуп, чечим кабыл алышты деп ойлоймун (тартиптик комиссиянын чечими бул жерде).

Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясы Баткен областынын прокурору А.Ормошов жана Баткен областтык сотунун торагасынын милдетин аткаруучу А.Ж.Тумоновдун сунушун кароодо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясы жонундо» мыйзамынын 2-беренесинин талабына ылайык, териштируунун коз карандысыздыгы, мыйзамдуулугу, объективдуулугу, адилеттуулугу, коллегиялуулугу, тикелейлиги, айкындыгы, ачыктыгы, оозекилиги, иликтоонун объективдуулугу, териштирууго катышуучулардын тен укуктуулугу Тартип комиссиясынын иштоосунун негизги принциптерин сактабаган.

Анткени, 23-март 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартиптик комиссия чечиминде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин банги заттарга каршы курошуу кызматынын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын орун басары Бакиров И.А. ишке эч кандай тиешеси жок болгон. Судья А.Эгембердиева айыпкерлерге карата уй камагы турундогу богот коюу чарасын тандап жатып, богот коюу чарасын тандоо боюнча соттук отурум жабык тартипте отуп, отунучко туздон-туз тиешеси жок жарандар сот отурумуна катышпастыгы судья тарабынан камсыздандырылуусу да шарт болчу. Соттук отурумга Бакиров И.А. катышуусуна жол берип, анын отунучун кабыл алып,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин банги заттарга каршы курошуу кызматынын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын орун басары Бакиров И.А. отунучуно негиздеп, анын отунучун иштин материалдарына тиркеп токтом чыгаргандыгын, ал сот адилеттуулугун жузого ашырып жатып, анын ишине башка кишилердин кийлигишуусуно жол бергендигин  корсоткон.

Бул тыянакка кайсыл материалдын негизинде келгени белгисиз, анткени мен тарабынан каралган богот коюу чарасын тандоо жонундо соттук материалдын ичиндеги 13.09.2017-жылдагы соттук отурумдун протоколуна караганда, прокурор Байбосунов А., адвокаттар Сатаров А., Джороев Н., тергоочу Жаналиев Ч. жана айыпкерлердин катышуусунда гана каралган.

         Демек, соттук отурумдун протоколуна караганда, адвокаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин банги заттарга каршы курошуу кызматынын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын орун басары Бакиров И.А. отунучу иш материалдардарына тиркелип, ал эми озу Бакиров И.А. сот отурумуна катышпагандыгы далилденип турат.

Мен тарабынан 13-сентябрь 2017-жылы айыпкерлерге карата богот коюу чарасын тандоо боюнча соттук отурумга башка кишилердин кийлигишуусуно жол бербегендигим, Кыргыз Республикасынын судьясынын Абийир кодексинин 5-статьясынын талабын бузбагандыгым далилденип турат.

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,  Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык, презумпция невиновности деген принциптин негизинде соттук териштируудо айыпкердин адвокаты Кыргыз Республикасынын «Адвокаттар» жонундо мыйзамынын талабына ылайык, богот коюу чарасын тандоодо айыпкерлердин оздугун аныктоочу документтерди, инсандыгын аныктоочу документтерди, жана башка маалыматтарды берууго укуктуу.

         Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 102-ст. ылайык, айыпталуучу же соттолуучу тергоодон же соттон жашырынып кетет же болбосо кубого же жазык сот ондурушунун башка катышуучуларына коркунуч келтирет, далилдерди жок кылат, мамлекеттер аралык же эл аралык издоо жарыяланат, башка жол менен тергоону жана ишти сотто териштирууну объективдуу жургузууго тоскоолдук кылат же болбосо кылмыштуу иш менен алектенууну улантат деп болжоого жетиштуу негиздер болсо, сот ушул кодекстин 101-статьсында каралган богот коюу чараларынын бирин колдонууга укуктуу деп корсотулгон.

         Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 103-ст. ылайык, богот коюу чараларынын кайсы турун колдонуу зарылчылыгы жонундо маселени чечуудо тергоочу, сот, прокурор ушул кодекстин 102-статьясында корсотулгон жагдайлардан башка, ошондой эле жасалган кылмыштын оордугун, айыпкердин соттолуучунун инсанын, анын кылган ишин, жашын, саламаттык абалын, уй-булолук абалын жана эгерде айыпкер уй-булоосунун жалгыз багуучусу болсо, айыпкерге карата камак богот коюу чарасы озгочо жагдайда гана тандалып алынат жана башка жагдайларды эске алат деп корсотулгон.     

         Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 110-статьясында, айыпталуучуга богот коюу чарасынын башка кыйла жумшагын колдонуу мумкун болбогон учурда, озгочо жагдайда гана камакка алуу туру колдонулат деп корсотулгон.

         Мен жогорудагы жагдайларды, Кыргыз Республикасынын ЖПКныны 109-1 статьясында эске алынуучу жагдайларды эске алып, процесстик укуктук ченемдерин жетекчиликке алып, мыйзамдын талаптарын сактап, Кыргыз Республикасынын Конституциянын талабына ылайык ички ынамым мыйзам чегинде иштин материалдарына баа беруу менен Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык жыйынтыкка келгенмин.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссия прокуратура органы тарабынан берилген туура эмес маалыматтарга таянып, иштин жагдайын тиешелуу турдо териштирбестен, иштин материалдарын устурттон изилдеп, туура эмес негиздеп, кайсы процесстик нормага таянып богот коюу чарасын тандоо боюнча соттук отурум жабык тартипте отот дегени тушунуксуз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясында соттук териштируулор ачык откорулору корсотулгон.

Демек, Тартип комиссия Кыргыз Республикасынын судьясынын Абийир кодексинин 5-статьясына туура эмес шилтеме жасап, мен тарабынан берилген далилдерди жана жуйоолорду кабыл албастан, аталган соттук материалды алдыртып, соттук отурумдун протоколу менен таанышпастан туруп алдын-ала шашылыш жыйынтыкка келген.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясы жонундо» мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктунун талабын Тартип комиссиясынын жыйынында кайрылууну кароонун тартибинде, тартип комиссясы башка адамдарды да угууга, документтерди жана башка материалдарды иликтоого укуктуу  деп корсотулгон талабын бузушкан.

Мындан тышкары, азыркы учурда айыпкерлердин кылмыш иши сотто каралып жаткандыгына, тактап айтканда айыпкерлерге карата актоо же айыптоо окум кабыл алына электигине карабастан, кылмыш иш манызы боюнча каралып, бир жактуу жыйынтык чыкканга чейин кутпостон, Тартиптик комиссиясы тарабынан мыйзам сакталбастан бир тараптуу карап жыйынтыкка келишкен.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо» мыйзамынын 28-статьясынын талабын Тартип комиссиясы сактабаган, ар бир тартип бузган жосун учун жасалган жосундун мунозун, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунунун жасаган  судяьянын куноосунун формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен тартип жасасы корулот.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо» мыйзамынын 28-статьясынын талабына ылайык, тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө талаптарды орой бузгандыгы үчүн тартиптик таасир этүүнүн катуу чарасы катары колдонулат.

Кыргыз Республикасынын конституциялык «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо» мыйзамынын 28-статьясынын талабында эгерде мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, сот актысын жокко чыгаруу же озгортуу судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт деген талабына Тартип комиссиясы конул бурбаган.

         Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо» мыйзамынын 28-беренесинде, судья тартиптик жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат. Тартип жосуну деп, ушул конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген кынтыксыз жүрүм-турумдун талаптарына шайкеш келбеген иш-аракет же аракетсиздик, ошондой эле судьянын кызмат ордуна коошпос иш менен алектениши таанылат.

         Ушул эле мыйзамдын 6-беренесинин 2-пунктунда, судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы деп, бул судьяга карата ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинде каралган милдеттердин Судьялар кеӊеши тарабынан тастыкталган же таанылган бузуу фактыларынын жоктугу түшүнүлөт.

14-сентябрь 2017-жылы Баткен областтык сотунун административдик укук бузуулар жонундогу иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен  мен тарабынан кабыл алынган 13-сентябрь 2017-жылдагы токтом озгортулгон жана соттук коллегия биринчи инстанция сот шашылыш жыйынтыкка келген деп корсоткон.

Баткен областтык сотунун  административдик укук бузуулар жонундогу иштер боюнча соттук коллегиясы мыйзамдын талаптарын одоно турдо бузгандыгымды же процессуалдык жана материалдык нормаларды туура эмес колдонгондугумду  корсоткон эмес.

          Мен тарабынан кабыл алынган 13.09.2017-жылдагы токтом мыйзамсыз кабыл алынгандыгы эч бир соттук актыларда корсотулгон эмес, мыйзамды одоно турдо бузуу бул бир гана соттук актыда далилденууго тийииш, бирок Тартиптик комиссия мага карата катту чараны коргон, Тартиптик комиссия эскертуу беруу менен чектелууго укуктуу болгон, Тартиптик комиссия тарабынан тажрыйбамдын аздыгы, жаштыгымдын, мыйзамды одоно турдо бузгандыгым тууралуу эч кандай мага карата жай аныктама же эскертуу, согуштор берилбегендигине карабастан, ошондой эле, мен тарабынан тандалган богот коюу чарасы айыпкерлер тарабынан бузулбагандыгын, тактап айткандай айыпкерлер эч жакка качып кетпегендигин же тергоого тоскоолдук жаратпагандыгына конул бурбастан, бир тараптуу карап, мага карата катуу чара колдонгон аракети мыйзамсыз деп эсептеймин.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жонундо» мыйзамынын 28-статьясынын талабын Тартип комиссиясы эске албаган, мен тарабынан айыпкерлерге карата уй камагы тандалган богот коюу чарасынын артынан эч кандай мыйзам бузуу кесепети жаралбагандыгын,  судьянын аракеттери аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбагандыгына конул бурбаган.

         Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясы жонундо» мыйзамынын 12-беренесине 1-пунктунун талабында судьянын аракетине же аракетсиздигине карата кайрылуулар менен Тартиптик комиссиясына томонкулор кайрыла алат: жеке жана юридикалык жактар; мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары; Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары кайрыла алат.

Кыргыз Республикасынын Конституциянын жетинчи болумуно ылайык, прокуратура мамлекеттик башка органдарга кирет.

Ал эми  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясы жонундо» мыйзамынын 12-беренесине 1-пунктунун талабына ылайык, Баткен областтык прокуратура мени тартип жоопкерчилиге тартуу жонундо сунушу менен ыйгарым укугунан аша чаап кайрылгандыгына Тартип комиссия мыйзамында бекитилген нормаларды сактабастан, ондурушко кабыл алып, негизсиз тыянакка келген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинде айтылган демократиялуу жана укуктук мамлекетти куру учун коз карандысыз сот бийлигин зарыл экендиги шексиз.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы болум башчы Арабаев Манас Матаевич телефон аркылуу менин устумон сунуш жазууга Баткен областтык сотунун торагасынын милдетин аткаруучу Тумонов А. Ж. буйругун берип, Тумонов А. Ж. озунун кызыкчылыгын ойлоп кызмат ордунан айрылып калышынан тынчсызданып, Арабаев Манас Матаевич аркылуу гана кайрадан сот кызматына дайындала тургандыгын билип, анын буйругун аткарып сунуш жазган. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы болум башчы Арабаев Манас Матаевичтин аты чыгып, Кыргыз Республикасынын  Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясынын торагасы Архарова Кымбат Кадыровнага мени жумуштан кетируу жонундо буйругун берип, ал озунун кызыкчылыгын ойлоп, анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматына талапкер болгондугуна байлынаштуу Манас Матаевичтин жардамы менен кызматка дайындала тургандыгын билип, менин чыркырагандыгыма карабастан, жаш осуп келе жаткан туп тамыры менен таза адамды шагын сындырып,  Архарова Кымбат Кадыровна мыйзамды бузуп жогорудагы негизсиз шилтемелерге таянып Манас Арабаевдин буйругун аткарганы далилденип турат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы болум башчы Арабаев Манас Матаевичтин тууганы Нарын жергесинен болгон Баткен областтык прокуратурасынын орун басары Байбосунов Араслан Байбосунович тарабынан “Ак уйдон айтылып жатат, сенин ордун керек экен, озундун арызын менен кетип калбайсынбы, эскертип койойун сага” деп айтканы, Арабаев Манас Матаевичтин аракети боюнча Сизге акыйкат издеп кайрылууга муктаж экендигимди, Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясына айтканмын.   

Кыргыз Республикасынын Судьялар кенешине караштуу Тартиптик комиссиясы 23.03.2018-жылы менин стационардык дарыланууда жаткандыгыма карабастан, менин ден-соолугумдун абалын начар экендигине конул бурбастан, ооруп жаткандыгыма байланыштуу башка кунго калтыруу жонундо ооз эки отунучумду четке кагып, бир тараптуу жыйынтыкка келип, айыпкерлердин кылмыш иши азыркы убакта каралып буто электигин, аларга карата актоо же айыптоо окуму чыгарганга чейин иштин жагдайын бир тараптуу чечилгенген чейин, токтотуп турбастан, прокуратуранын мыйзамсыз сунушун шашылыш турдо канааттандырып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы болум башчы Арабаев Манас Матаевичтин буйругун аткардык деп мактанып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-статьясынын ылайык, соттор коз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийиет. Ал эми Сиз Конституциянын гаранты катары жогорудагыдай мыйзам бузууларга жол бербей, менин маселемди терен карап, изилдеп, Кыргыз Республикасынын  Судьялар кенешине караштуу Тартип комиссиясынынын жана торагасы Архарова Кымбат Кадыровнанын мыйзамсыз аракеттерине адилеттуу жана калыс баа берууну суранамын.

 Мен алдыга койгон умутторум чон болчу, дагы болгон кучумду жумшап чын дилимден кыргыз эли учун, мамлекет учун кызмат кыламын деген умутторум бар, атам Эгембердиев Салибек омур бою прокуратура органында иштеп, энем Сапарбаева Гулунса мектепте мугалим болуп омур бою мыйзамды сактап кызмат кылып каза болгон, озум 32 жашта 2 баланы жалгыз тарбиялап, оз кучум менен билимим менен аракет кылып, элге кызмат кыламын, сот адилеттулугун жузого ашыруу учун чын-дилимден болгон аракетимди жумшайм деген тилекте иштеп келе жаткандыгымды, жаш осуп келе жаткан оспурумду туп тамыры менен жок болуп кетпешине ырайымдуу болушунузду суранамын.

 

                                                                                                                     Сизди терен урматтооо менен,

                                                                          

                                       Эгембердиева Аида Салибековна

 

                P.S.  Сот бийлигинин бутагына    Президенттин Аппараты тарабынан кимдир-бироо басым жасап, сот системасынын козкарандысыздыгына кол салып, судьяларга жогору жактан буйрук берип жатканы жонундо биринчи ирет уккан жокпуз. Ким билет, балким, оз кызматын  аткарып жаткан судьялар бул факт жонундо ачык айта албай жатышкандыр? Ал эми оз ордунан бошотулган судьялар ал жонундо айтуудан эми коркушпайт.