Билип билбей кылган куноолоруно кечирим сурабагандар

добавлен 13 апреля 2018 18:07
просмотров 1592

 

 

Мындан уч ай мурун, тактап айтканда 2018-жылдын 19-февралында Акипресс сайтына Башкы  прокуратуранын  “ Юрьевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду” деген маалыматы чыккан ( караңыз Акипресс 19.09.2018.18-45). Маалыматта  Юрьевка айыл өкмөтүндө  бир топ  жер аянттары  мыйзамсыз ижарга  берилип  жаткандыгынан мамлекет  көптөгөн  млн.сом зыян тартып жаткандыгы  тууралуу айтылып, ал боюнча  көзөмөлдөөчү орган прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында  кылмыш иши  козголгону   жазылган.

 Албетте, ачылган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин ички иштер органы жүргүзгөндөн кийин, кароо үчүн сотко жиберилген.  Бул кылмыш ишин Ысык-Ата райондук сотунда судья А. Рыскулова  кароого алган. Алгач  ишти кароо  13-мартта башталып, 3  жолу  доогер болгон  райондук прокуратуранын өкүлдөрүнүн себеби жок келбегенинен  улам кийинкиге жылдырыла берип, акырында  судьянын кат аркылуу прокуратураны катышуусун талап кылууга мажбур болду. Ошондон кийин гана прокуратуранын  өкүлү сотко келип катышып, сот  ишти  араң дегенде  бешинчи жолку отурумунда  карап баштады. Сотто ишти кароо башталганда жоопкер тарап Юрьевка айыл өкмөтү кылмыш ишти  кароону   карабай коюу өтүнүчүн киргизди. 13- апрелде  сот жоопкер тараптын өтүнүчүн карап чыккандан кийин доо арызды кароосуз калтыруу чечимин чыгарды. Демек, айыл өкмөтү  күнөөсүз күнөөлөнгөн  болуп чыкты....

      Бүгүнкү соттун чыгарган чечиминен кийин көптөгөн суроолор пайда болду:  текшерүү жүргүзгөн  прокуратура органына  мыйзамсыз иш козгой берсе боло береби? Эмне үчүн  алар соттук кароону үзгүлтүккө учуратып  бир нече жолу  катышпай жатышты? Прокуратура отчет көрсөткүчтөрүн жакшыртыш үчүн ушундай аракеттерди жасашабы? Айыл өкмөттүн кызматкерлери 5 күн жумуштарын таштап сотко келип кеткен чыгымдарын, ал күндөрү аткарылбай калган иштерине ким жооп берет? Дегиси практикада мыйзамды коргогон тарап   кетирген каталыктары, жаңылыштыктары  үчүн кечирим сураганы болду беле?