Баткен облустук сотунда кызматтык кылмыштар каралууда 19.03.2018-ж.

добавлен 26 марта 2018 16:29
просмотров 1136

 

 

2018-жылдын 19-март  куну Баткен областык сотуна байкоо жургузуу улантылды. Саат 14:00 белгиленген сот отуруму оз убагында башталды.  Сот отурумунун тизмеси илинген. Кыргыз Республикасынын   КЖК  313-берене 1-б менен айыпталуучу Баткен райондук ички иштер болумунун ага опери болуп иштеген милициянын лейтенанты Б.Садыковко карата кылмыш иши каралды. Сот процесси сот залында отту. Байкоочу сот залына эркин кирди, бирок катчы аты-жонун сурап жазып алды.
            Сот коллегиясынын курамы А.Тумоновдун торагалыгында, судьялар У.Толубаева жана М.Пазылов. Соттук коллегиянын торагасы кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучулар боюнча катчыдан сурады. Сот отурумуна соттолуучу, куболор, мамлекеттик айыптоочу, жабырлануучу жана анын жактоочусу катышып жатканын айтты жана залда байкоочу да бар экенин билдирди. Соттук коллегиянын курамына ишенбоочулук, отунучторду сурады. Соттолуучунун оздугун тактоочу суроолорду берди. Соттолуучунун жактоочусу сот отурумуна келбегендиктен, ишти кароо боюнча пикирин сурады, ал жактоочу катышуу керек деп суранды, мамлекеттик айыптоочу болсо соттук коллегиянын кароосуна калтырам деп айтты. Ал эми жабырлануучу тарап жана анын жактоочусу алыстан келишкенин айтып, нараазычылыгын билдиришти.
Соттук коллегия жайында кенешип, сот отуруму 2018-жылдын 27-мартына саат 14:00 калтырылды.