Эмне себептен баардык кылмышкерлерди куноого тарткан жок?

добавлен 26 января 2018 14:58
просмотров 1581

 

 

Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңешке Жапашов Апазбек  атасы экөө  кайрылышты.

Иштин маңызы:  Жапашов Алмаз   2015-жылдын 12-апрелинде бир тууганы  Жапашев Илияз Чынтурганович 3-4 адамдын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн билдирет. Бул боюнча козголгон кылмыш ишине  тергөө органдары бул кылмышка тиешеси бар деп бир эле адамды тартып, башкаларынын катышы бардыгын  далилдеген эмес.   

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2017-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен бир гана адам Маматкулов Самарбек Токтосунович Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-бер. 2-бөл. 6, 10-пункттары менен күнөөлүү деп табылган. Ал 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Иш биринчи инстанциясында каралып жаткан учурда жабырлануучунун жактоочусу  Джамангулов Э.Ж. кылмыш ишин кайрадан тергөөгө жиберүүнү суранган. Анткени иш боюнча суралган күбөлөрдүн  бири 2015-жылдын 12- апрелинде Жапашев Ильязды үч-төрт бала машинага салып белгисиз жакка алып кеткенин, ал жөнүндө анын апасына чалып айтканы тууралуу көрсөтмө берген. Жана ошондой эле тергөө органдары тарабынан айрым фактылар жана маалыматтар далилденбеген. Кайра тергөөгө жиберүү боюнча өтүнүч канаатандыруусуз калтырылган (токтом бул жерде).

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү А. Назарматованын жактоочусу Э.Ж. Джамангулов биринчи инстанциянын өкүмү менен макул эместигин билдирип апелляциялык арыз менен Чүй облустук соттуна кайрылган. Апелляциялык арызында, өкүм менен макул эместигин көрсөтүп, анткени соттолуучу С. Маматкулов мурда издөөдө жүргөндүгүн, жабырлануучу И. Жапашовду өтө мыкаачылык менен өлтүргөндүгүн эске алып, соттолуучу С. Маматкуловго өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сурагандыгына карабастан, сот ага өтө жеңил жаза белгилегендигин көрсөтүп, Сокулук райондук сотунун 2017-жылдын 23-июнундагы өкүмүн жокко чыгарып, кылмыш ишин кайрадан тергөөгө жиберүүнү суранышкан.

Чүй облусттук соту курамында төрагалык кылуучу Исаев Н.Р. судьялар: Умуркулов Т.А. жана Койлубаев А.А. карап чыгып 2017-жылдын 2-ноябрында өкүм чыгарат (өкүм бул жерде). Өкүмдө: «Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2017-жылдын 23-июнундагы Маматкулов Самарбек Токтосуновичке карата кабыл алынган өкүм өзгөртүлсүн. Маматкулов Самарбек Токтосуновичке көрсөтүлгөн жазаны күчөтүлгөн абакта өтөөсү белгиленсин. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын. Э.Ж. Джамангуловдун апелляциялык арызы канаатандыруусуз калтырылсын. Өкүм жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет»-деп жазылган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Назарматова Айдинанын жактоочусу Жоошев Замирбек Тургунбаевич Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2017-жылдын 26-майындагы токтомуна жана  2017-жылдын 23-июнундагы өкүмүнө, Чуй облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча коллегиясынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы өкүмү жана аныктамасына көзөмөл даттануу келтирген. Көзөмөл иретинде берилген даттанууда жогоруда көрсөтүлгөн соттук актыларды жокко чыгарып, ишти кайрадан Чуй облусунун Сокулук райондук соттуна жиберүүсүн суранышкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда биринчи соттук отурум соттолуучунун жактоочусунун келбегенине  жана башка күнгө сот отурумун жылдырып берүүсү боюнча өтүнүч келтиргенине байланыштуу, башка күнгө калтырылды.

 

P.S. Эмне себептен тергөө жана сот органдары ишти ар тараптуу кароого жана баардык кылмышкерлерди күнөөгө тартууга кызыктар эмес? Эми Жогорку сот баардык күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тарта алабы?