Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 20 сентября 2017 18:20
просмотров 1364

 

 

  2017-жылдын 19-сентябрь куну Баткен райондук сотуна байкоо жургузулду. Судья Оморовдук кароосундагы иштердин тизмеси илинген, ал эми Баткен райондук сотунун торайымы  А.Эгембердиеванын тизмеси илинген эмес, себеби ал иш сапар менен башка мамлекетке жоноп жатканын айтышты.
     Саат 10:20го белгиленген судья Р.Оморовдун кароосундагы «Камкордук» жонундо жарандык иш мамлекттик айыптоочу кечигип келгендиктен 10 минут кеч башталды.  Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады. Баткен райондук прокуратурасынан мамлекеттик айыптоочу Кулдашева, социалдык онугуу башкармалыгынын балдарды коргоо болумунун башкы адиси Откуров жана арыз беруучу Максутова катышышты. Арыз беруучунун жана социалдык онугуу башкармалыгынын оздугун тактаоочу суроолорду берип, соттук курам менен тааныштырды жана соттук курамга ишенич корсотулобу деп сурады, укук-милдеттер тушундурулду, отунучтор  суралды.  Андан кийин арыз беруучуго соз берди. Ал арызында кызы 2-группадагы майып, психологилык жактан каттодо турат, анын кызын 3-айлык кезинен бери карайт, небересин камкордукка алуу боюнча корсоткон. Кыздын апасы башка турмуш курган жана макулдугун берген. Атасы кыздан баш тарт кандыктан жалгыз бой эне болуп куболугундо атасы жок деп жазылган. Доогер арызын колдоп беруусун сурады, кызыгуучу тарап социалдык онугуу башкармалыгынын окулу иш боюнча изилдеп кордук, камкордукка алып караганга мумкунчулугу бар, балдар уйуно бергенден коро уй-булодо калтырууну туура таап токтом чыгарганбыз деди. Мамлекеттик айыптоочу да арызды колдоорун билдирди. Судья ошол социалдык онугуу башкармалыгынын чыгарган токтомун алып келуусун сурап, кийинки отурумду 21-сентябрь саат10:00го калтырды.