Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 11 сентября 2017 16:29
просмотров 1013

 

 

2017-жылдын 7-сентябрь күнү Баткен райондук сотуна байкоо жүргүзүлдү.
Саат 10:00го белгиленген судья Р.Оморовдун кароосундагы «Жашы жете элек балдарды өз камкордугуна алуу» жөнүндө жарандык иш 30 мүнөт кечигип башталды. Себеби доогер кечигип келди. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, ишти кароону улантабыз деди. Сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады. Баткен райондук прокуратурасынан мамлекеттик айыптоочу Кулдашева, социалдык өнүгүү башкармалыгынан ишенимдүү өкүл Мамбетова жана арыз берүүчү Абдырахманова катышышты. Судья ишке тиркөө үчүн өтүнүчтөр болобу деп  сурады. Социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү эки балага мектептен берген мүнөздөмөнү судьяга берди. Мамлекеттик айыптоочу карап чыгып, каршы болгон жок, судья ишке тиркөөөнү жайында токтом кылды.  Андан кийин арыз берүүчү тарапка жарыш сөз берди. Ал арызын колдоп берүүсүн сурады, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү жана мамлекеттик айыптоочу да арызды колдоорун билдиришти. Судья кенешүү бөлмөсүнө бөлүндү, бир аздан кийин Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 198, 202,211,214 жана жарандык кодекстин 67- беренесин колдонуп, Абдырахманованын арызы канаатандырылсын, камкорчу болуп дайындалсын деп чечим угузду.