Сот системасында башталган реформа эмне себептен аягына чыкпай токтоп турат? Бул аракет ордунан жылбай калды деп баш ооруткуча, Кыргызстанда сот териштирүүлөрдүн убактысы создуктурулуп кеткен сот жараяндардын саны көбөйдү-деп жарандык коом коңгуроо кагып чыкты. Анткени жарандык кеңешке сот отуруму улам артка жылдылырып жатат деп кайрылгандардын саны көбөйгөн.
"Канткенде сот системасын оңдой алабыз" деген сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш көйгөйдү чечели деген ойдо мындан ары жаңы ыкма менен иштейли деген чечимге келиптир. Буга чейин көзөмөл жалпы жүргүзүлсө, эми ар бир соттук териштирүү аягына чыкмайынча көзөмөлдө болот.
Сабыржан Мамбетов, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин юристи:
“Сот чечими эки тарап болгондон кийин, бир тарабы баары бир нааразы болот. Ошол тарап экинчи инстанцияга кайрылат, андан сырткары алар Жогорку Сотко берет. Биринчи инстанциядан акыркы инстанцияга чейин, анан сот акыркы чечимин көзөмөлгө алып, анан мониторинг кылат”.
Анан да жарандык кеңеш сот реформасы десе эле бардык сотторду кызматтан кетирүүгө каршыбыз дейт. Алар бул аракетти четинен жүзөгө ашырбаса, сот системасы туңгуюкка кептелеби деп кооптонот. Бул жагынан парламент жарандык коом менен макул. Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү азыр “сот тандоо кеңеши” жана “судьялардын макамы” тууралуу мыйзамды парламент кабыл албай создуктуруп жаткандыктан, сот реформасын жүзөгө ашырууга Жогорку Кеңеш бут тосуп жатат деген ойдо.
Нурбек Токтакунов, Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү:
“Эки мыйзам жок болсо, кантип жумушту баштайбыз. Мыйзам жок болуп жатпайбы. Азыр бир чечимге келише албай жатышат. Биз өзүбүздүн долбоорду бергенбиз. Анан парламент президентке жөнөткөндө, алмаштырып башка долбоор жиберген. Алардын долбоору боюнча мурунку бойдон эле калууда. Сотту тандап жатканда Жогорку Кеңеш менен президент эле чечип жатат. Ошондо алар президенттик аппаратка же Жогорку Кеңешке пара берип эле өтүп кетет, өзгөргөн жок. Сот тандоо кеңеши өзү тандаш керек сотторду. Эгер мурдагыдай калса -биз каршы чыгабыз”.
"Жогорку Кеңеш сот реформасы алдыга жылып кетишине кызыкдар" дейт эл өкүлү Кожобек Рыспаев. Депутаттын баамында, эгер парламент өз ара кызыкчылыгы болгондо, сот системасынын көз карандысыздыгын шарттай турган мыйзамды иштеп чыгып кабыл албайт болчу.
Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясы:
“Парламент эч кандай сот реформасын артка тарткан жок. Биз сот реформаны жасашыбыз керек. Бирок баары эле дароо оңоло калбайт. Азыр мыйзамдар комитетте каралып жатат. Бир пикирге келгенден кийин жалпы талкууга алып чыгат”.
Сот реформасын жүзөгө ашырабыз десек, тармактагы ар бир маселеге жекече көңүл буруу керек деп эсептейт серепчилер. Мындан улам соттун тартибинен тартып, адилет чечим кабыл алганга чейин сот ачык-айкын иш алып барышы керек. Ошондуктан жарандык коом да, парламент да сот реформасы аягына чыгарылса деген үмүттө дейт талдоочулар.
Н.Жумабекова, Т. Сыдыгалиев, КБК. Бишкек, 29-февраль 2012-жыл, КТРК