Баткен облустук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 05 сентября 2017 13:23
просмотров 1370

 

 

            2017 - жылдын 8-август куну Баткен облустук сотуна байкоо жургузулду.
Сот отурумдарынын тизмеси илинген. Сот коллегиясынын курамында торагалык кылуучу З. Аданбаев, судьялар М. Пазылов, С. Жороев  аппеляциялык тартипте  КР КЖК  166-ст. 4-б., 350-ст. 6-б менен айыпталуучулар У. С., Т. Б., К. А. кылмыш иши каралды. Байкоочу сот залына тоскоолдуксуз кирди. Саат 11:00 белгиленген сот отуруму оз убагында башталды. Сот процесси ачык болуп, адамдар коп катышты жана сот отуруму сот залында отту.
          Соттук коллегиянын торагасы кандай иш каралып жатканын жарыялады. Баткен райондук сотунун чечими менен макул болбой аппеляциялык тартипте, женил жана шартуу жаза беришин сурап доо арыз менен кайрылышкан. Келген  катышуучулар боюнча катчыдан сурады. Соттолуучулар, алардын адвокаттары, мамлекеттик айыптоочунун катышуусунда каралды. Ал эми жабырлануучу келген жок.  Жабырлануучу башка мамлекетке кетип, соттук процесстерге келе албасын билдирип, ансыз карай беруу жонундо арыз берген, соттук коллегия катышуучулардан сурап, алардын макулдугу менен, оз жайында кенешип ишти кароого токтом кылды. Торагалык кылуучу З. Аданбаев соттолуучулардын оздугун тактады. Андан кийин соттук курам менен тааныштырды. Соттук коллегия алардын учоосун тургузуп, укук милдеттерин тушундурду, ишенбоочулук жокпу деп сурады, отунучтор суралды. 
 Судья М. Пазылов иш боюнча кыскача баяндама жасады. Соттук териштируу болуп, соттолуучулардан корсотмо бересинерби деп сурады, алар корсотмо беруудон баш тартабыз, бирок берилген суроолорго жооп беребиз дешти. Соттук териштируудо мамлекеттик айыптоочу жана оздорунун жактоочулары суроолорду беришип, жооп беришти. Териштируу аяктап, Мамлекеттик айыптоочуга жарыш соз берди. Келтирилген зыянды ордуна койгон, куноолорун мойнуна алып, окунуп кечирим сурап жатат, ошондуктан 3 жылга сыноо моноту берилип, камактан бошотуу менен, 1-инстанциянын чечиминин калган болугу озгортуусуз калтырылсын деп сурады. Андан кийин адвокаттарга соз берилип, алар жабырлануучу тосмо арыз берген, келтирилген зыян 2 млн 400 мин сом толонгон, женилдетуучу жагдайдарга конул бурбаган, адилетсиз чечим чыгарган деп, 1 жылга сыноо мооноту менен абактан бошотууну сурашты. Андан кийин соттолуучуларга акыркы соз берилди. Алар ар бири окунуп жатканын, башка кайталабайбыз деп соз берип, карыган ата-энеси, жашы жете элек балдарын эске алып, женилдетилген жаза беришин сурашты.Тараптардын пикирин угуп соттук коллегия кенешме болмого болунду. Иштин ичиндеги материалдарды карап, тараптардын пикирин угуп, КР  КЖК  63-беренесин колдонуп, бардык жагдайларды эске алып, 2 жыл 6 ай сыноо мооноту менен шарттуу жаза берилсин, журум туруму жаза аткаруу тузумуно коз салып туруу милдеттендирилип, камактан бошотулсун, 1-инстанциянын чечиминин калган болугу озгортуусуз калтырылсын деп соттук акт чыгарды.