Лейлек райондук сотуна мониторинг

добавлен 29 августа 2017 16:01
просмотров 1126

 

 

2017- жылдын 22-август күнү Баткен облусунун   Лейлек райондук сотуна байкоо жүргүзүлдү.   Саат 15:00го Лейлек райондук сотунун төрагасы Н.Турдалиевдин кароосунда Кыргыз Республикасынын КЖКнин 214-беренеси менен айыпталуучу Ж.Турабай уулуна карата кылмыш ишин кароо өз убагында башталды, бирок соттолуучу жүйөөлү себеп менен кечигип жаткандыктан, 30-мүнөткө танапис жарыяланды. Саат 15:30да сот отуруму улантылып, судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучуларды аныктады. Бул иш каралып, күбөлөр суралды, бир күбө жок болгонуна байланыштуу,  анын тергөөдө берген көрсөтмөсүн мамлекеттик айыптоочу  окуп берди. Соттук териштирүүго толуктоолор болобу деп  сурап, судья тараптарга  жарыш соз учун убакыт берди.

Мамлекеттик айыптоочу соттолуучунун бардык келтирилген зыяндын ордун төлөп, күнөөнү мойнуна алып жаткандыктан, жазасын бир жылга эркинен ажыратууну сурады. Лейлек райондук мамлекеттик салык кызматынын өкүлү соттолуучунун мамлекеттке келтирилген 29 мин 594 сом өлчөмүндө акча мамлекеттик бюджетке төлөндү, адилеттүү чечим чыгарууну сурады.
Төрагалын кылуучу  соттолуучунун акыркы сөзү 23-август саат 17:00го калтырылат деп жыйынтыктады.