Баткен райондук сотуна мониторинг жургузуу

добавлен 29 августа 2017 09:49
просмотров 1680

 

 

2017-жылдын 04-август куну Баткен райондук сотуна байкоо жургузулду. Каралуучу иштердин тизмеси илинген.
       Байкоочу сот залына эркин кирип, судья Р. Оморов  жарандык ишти кароосуна  мониторинг жургузду.  Саат 10:00 белгиленген сот отуруму саат 11:15 башталды себеби ЖААК болуму кечигип келди. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады. Торагалык кылуучу тараптардын оздугун тактоочу суроолорду берди. Судья ар бирин тургузуп укук милдеттерин тушундурду, отунучтор суралды. Андан кийин арыз беруучу тарапка жарыш соз берди. А. К. 1991-жылдан бери паспорт алган эмес, эми зарыл болуп паспорт алуу учун туулгандыгы жонундогу куболуктун кочурмосун сурап, бир нече жолу ЖААК болумуно кайрылган, ал жерден таба албай, энесини пенсиялык фондунан издеп, соц.фондон колдо жазылган куболуктун кочурмосун алган. Бирок бул куболуктун негизинде ЖААК болуму бере албасын  судьяга айтты, соттун чечими менен гана бере алабыз деп билдирди. Тараптарды сурап буткондон кийин, судья жаны мыйзам боюнча алдын ала териштируу жургузулду, кийинки сот отуруму 15- август саат 9:30 га калтырылат кечикпей келиниздер деп жыйынтыктады.