2017-жылы 10-август Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 15 августа 2017 13:07
просмотров 1423

 

 

  2017-жылдын 10-август куну Кызыл-Кыя шаардык сотуна байкоо жургузулду. Сот отурумдарынын тизмеси илинген. Судья  А. Адимовдун кароосундагы  саат 10:00го белгиленген «Ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу менчик ээси деп табуу жонундо» жарандык иш каралды. Сот отуруму гос регистр окулу кечигип келгенине байланыштуу 15 минут кечигип башталды. Судья кандай иш каралып жаткандыгын жарыялап, процесске катышуучуларды аныктады. Доо арыз беруучу К. Ноорузкулов, анын адвокаты, кызыгуучу тарап Кызыл-Кыя шаардык кыймылсыз мулкторду каттоо башкармалыгынын окулу катышты. . Укук милдеттер тушундурулуп, отунучтор суралды. Андан кийин куболор суралды. Иш боюнча 3 кубо келген алар суралып буткондон кийин доогер суралды. 1999-жылы кошунасынын уйун сатып алган, ал кийин козу отуп кеткен, доогер айтуусу боюнча ал тил кат жазып берген, бирок аны уйдон издеп табышкан жок. Судья  доогерге документтерди толуктап, жашаган жерден справка, экинчи тараптын олгондугу жонундо справка жана тил катты таап келесиз деди жана кварталдык комитеттин торагасын, нотариус, ЗАГС чакыртабыз, сот отуруму эртеси кунго 2017- жылдын 11-август саат 9:00 го калтырылды деп жыйынтыктады.