26-июльда Сулукту шаардык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 28 июля 2017 14:38
просмотров 1422

 

 

2017- жылдын 26-июль куну Сулукту шаардык сотуна байкоо жургузулду. Сот отурумдарынын белгиленген иштеринин тизмеси  илинген.
           2017-жылдын 26-июлунда саат 10:00 Сулукту шаардык сотунун торагасы Э. Гуламидин уулунун  кароосунда “Жашы жетпеген баланы асырап алуу” жонундо жарандык иш белгиленген.
           Сот отуруму сот залында отту жана оз убагында башталды. Байкоочу сот залына тоскоолдуксуз кирди. Судья сот отурумуна катышуучуларды кимдер келгенин катчыдан сурады. Доогер, кызыгуучу тарап Сулукту шаардык социалдык онугуу башкармалыгынын ишенимдуу окулу жана мамлекеттик айыптоочу келди.
Торагалык кылуучу сот отурумунда каралуучу ишти жарыялаган жок, Сот залында куболор жокпу сурады да, доогердин оздугун тактоочу суроолорду берди, укук милдеттерин тушундурду, отунуч суралган жок, соттук курам менен тааныштырып сотко ишенесиздерби, ишти кароону баштай беребизби деп сурады. Андан кийин кызыгуучу тараптан Сулукту шаардык социалдык онугуу башкармалыгынын уй-було жана балдарды коргоо болумунун башчысынан ишеним кат сурап, оздугун тактады, ага да укук-милдеттерин тушундурду.
Судья иш боюнча баяндама жасады да, соттук териштирууну баштады, доогерден арызды колдойсузбу жана себептери жонундо тушундуруп бериниз деди.
2010-жылы доогердин бир тууган агасы каза болуп, агасынын аялы башка турмуш куруп кетип, ортодо 6 жашар кыз доогердин колунда чонойгон. Ал кыз учурда 6- класста окуйт жана ушул уй-булого конуп, ата-апа деп озунун макулдугун берген. Кыздын озунун апасы да нотариус аркылуу макулдук жазып берген. Доогердин 2 кыз 3 уулу бар, бул кыздын фамилиясын да озуно откоруп берууну соттон сурады.
мамлекеттик айыптоочу тактоочу суроолорду берди. Кийин кызыгуучу тараптын оюн, уй булодогу шарттар туралуу сурады. Эки тарап тен доо арызды колдоорун билдирди. Андан кийин сот залына 12 жашар кызды чакырып, анын оюн сурады.
Бирок судья оз апасы келсин, кийинки отурум 2- август саат10:00го калтырылат деп жыйынтыктады.