Бакай- Ата райондук сотунда административдик кодекстин 149- беренеси боюнча ишти кароосуна байкоо журду.

добавлен 26 июля 2017 11:13
просмотров 1457

 

 

Бакай- Ата райондук сотунун судьясы Б.  Ш. Турсункуловдун саат 10:00  коюлган иши укук бузуучунун кечигүүсүнөн улам жарым саат кеч башталды. 2017- жылдын 21- июль күнүндөгү каралуучу иштердин тизмеси илинген эмес. Байкоочу сот залына эркин, тоскоолдуксуз кирди. Судья сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Андан кийин катчыдан сот отурумга келгендер боюнча маалымат алып, укук бузуучунун өздүгүн тактады. Судья сот отурумунун курамын жарыялап  “сот курамына ишенесиздерби?”-  деп катышуучулардан сурады. Андан кийин судья катышуучулардын укук-милдеттерин түшүндүрдү. Төрагалык кылуучу териштирүүнү баштай берели деп укук бузуучуга жана жаратылышты коргоо агентигинин өкүлүнө иш боюнча  сөз берди. Судья иш боюнча катышуучуларга суроолорду берип жооп алды. Укук- бузуучу кылган ишин мойнуна алгандан кийин сот жыйынтыктоо бөлүмүнө өтүп укук- бузуучуга жана жаратылышты коргоо агентигинин өкүлүнө “судьядан эмне сурайсыздар” деп сөз берип, кеңешүү бөлмөсүнө чыкты. Жыйынтыгында судья укук бузуучуга мамлекеттин эсебине 30 эсептик өлчөмдөгү айып пул төлөтүү чечимин окуп сот отурумун жабык деп жарыялады.