Президенттин протоколдук тапшырмасын облустук прокурор аткарбоо бул ЭМНЕНИ билдирет?

добавлен 25 июля 2017 16:30
просмотров 1970

 

 

2015- жылдын 30-сентябрында КР Президенти Атамбаев А.Ш. иш сапары менен Нарын облусуна барып, облустук актив менен жолугушуп жыйын өткөргөн. Ошол жыйында Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Искендеров Талапбай Президентке суроо менен кайрылган.  Тоголок Молдо  айылдык аймакта 1986-жылы курулган 50 орундуу бала бакчаны, ошол кездеги мектептин директору Боронбаев Сананбай кирип, чыкпай койгон.

Ошол факт боюнча сот териштирүү болуп Жогорку сотко чейин барып Боронбаевке берилген мамлекеттик актыны жокко чыгарышкан.

2014-жылдын 28-февралында Ысык-Көл облусунун район аралык соту, төрагалык кылган судья Даркимбаев Т.К. Сот чечими бул жерде.

2014-жылдын 11-декабрында КР Жогорку сотунда Мухамеджанов А.Ж., Акматов Б.Дж, Жумашов К.О. соттук курамында бул иш каралып токтом чыккан. Соттун чечими бул жерде.

2015-жылы бала бакчаны кайра өзүнө кайтарып алуу максатында Боронбаев Айыл башчынын үстүнөн арыз жазып, ага кылмыш ишин козготкон, кызматтан четтеткен. Ошол учурда айыл башчынын милдетин убактылуу аткаруучу адамдын колу менен пайдаланып, бала бакча турган жерге жалган буйрук чыгартып алган. Ушул буйруктун негизинде экинчи жолу мамлекеттик акт жасаткан. Ошондо Айыл  өкмөт экинчи ирэт жасалма мамлекеттик актыны жокко чыгарганга мажбур болуп турушат.  Айта кетчу нерсе, башчыга ачылган кылмыш иш Жогорку сотко чейин барып, четтетилген айыл өкмөт башчы акталып кайра Айыл өкмөткө башчы болуп келген.

Азыркы күндө айыл өкмөттүн башчысы Бала бакчаны кайра муниципалдык менчике алыш үчүн сотко, прокурорго, ГКНБге Президентке кайрылып жатат.

ЭМНЕГЕ эки жыл мурун Президенттин берилген протоколдук тапшырмасын Нарын облусунун прокурору Салиев Жаныбек Тургунбекович аткарбай,  тескеринче бала бакчаны басып алган адамды “крышевать” этет. Мыйзамдулук деген бизде барбы? Эмнеге Президент берген тапшырмасына бир көз салып койбойт?

P.S. Бугунку күндө бала бакча маселеси Кыргызстан боюнча көйгөй, ал эми  Ат-Талаада балдар мектептин подвалында күн өткөруп жатышат. Ашканасы, мектептин эски туалети. Биздин келечек ушудан болот беле?