Талас облустук райондор аралык сотунда байкоо жургузулду

добавлен 05 июля 2017 10:25
просмотров 1019

 

 

Талас облусунун райондор аралык сотунун судьясы Н.К. Нартаевдин ишине байкоо жүргүзүлдү.  2017- жылдын 28- июнь күнүндөгү каралуучу иштердин тизмеси илинген. Белгиленген саатта төрагалык кылуучу судья Н. К. Нартаев сот отурумун ачык деп жарыялабастан эмне иш каралаарын угузду. Катчынын сот отурумга келгендер боюнча докладынан кийин судья катышуучулардын өздүктөрүн жана өкүлдөрдүн тастыктоочу ишеним каттары аркылуу тактады. Андан кийин сот отурумун курамын жарыялап, катышуучулардан “сот курамынан баш тартуу жокпу” деп сурады. Катышуучулардын укук- милдеттерин түшүндүргөндөн кийин кызыктар тараптын өкүлү, документти копия кылып келүүсү үчүн кыска тыныгуу жарыялады. Териштирүү башталаардын алдында судья катышуучулардын өтүнүчтөрүн сурады. Судья тараптарды угууга өтүп, сөз берип иш боюнча сурап жообун алды. Андан соң судья иштин материалын изилдөө бөлүгүнө өтүп, тараптарга тиешелуу суроолорду берди. Андан  кийин тараптардын толуктоолорун сурап, жарыш сөзгө  өтүп, тараптарга  сөз берди. Судья тараптардан реплика болобу деп сурап, жооп алган сон кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. 20 мүнөттөн кийин кирип, чечимдин резолютивдик бөлүгүн  окуп, сот отурумун жабык деп жарыялады.