Талас облустук сотуна мониторинг жургузулду

добавлен 20 июня 2017 12:36
просмотров 1155

 

 

2017- жылдын 19- июнь күнү Талас облусунун сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын саат 15:00 го коюлган “Алиментти өндүрүүнү токтотуу” жөнүндөгү ишти кароосуна байкоо жүрдү. Каралуучу иштердин тизмелери коридордо илинген. Соттук коллегиянын саат 14:00 го коюлган ишти кароосу кеч бүткөндүгүнө байланыштуу, саат 15:00 догу ишти кароо 40 мүнөт кеч башталды.

Төрагалык кылуучу Тункатаров О. А. сот отурумун ачык деп жарыялабастан, эмне иш каралаарын угузду. Андан кийин катчыдан иш боюнча келгендер тууралу маалымат алып, тараптардын өкүлдөрүнүн өздүктөрүн паспорту жана ишеним каттары аркылуу тактады. Бир тараптын өкүлүнүн ишеним катынын мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду. Төрагалык кылуучу кызыктар тараптын оюн сураганда, ал ишти жылдыруу керек болоорун айтты. Андан соң төрагалык кылуучу сот курамын жарыялады. Жыйынтыгында соттук коллегия өз ордунда кеңешип сот отурумун 2017- жылдын 28- июнуна коюп, соттук отурумун жабык деп жарыялады.