Нарын облустук cоту жонокой жарандар учун жабык, озгочо кайтарууга алынган имаратка айланганбы?

добавлен 01 июня 2017 15:11
просмотров 1429

 

 

31-майда Нарын облустук сотунда байкоо жүргүзүгө бардым. Ат –Башы райондук сотунун 2017-жылдын 28- апрелинде К.Т. карата Кылмыш Жаза Кодексинин  28-204 беренесинин, 1-бөлүмү боюнча  айыптоо токтомуна карата, Ат-Башы райондук прокуратурасынын аппеляциялык тартипте сунуш каралмак. Сот отуруму саат 10.00 коюлган бирок байкоочу 15 мунотко  кеч барды. Коридордо турган милиция кызматкери «Төраганын уруксаты менен киргизем»- деп байкоочунун убакытын алды. Сот отуруму башталып доогер тарап коргозмо берип жатыптыр, эч кимге тоскоол болбостон сот отурумуна кирип отуруп калдым. Бирок ошол маалда сот отурумунун төрагасы Орозалиев А. «Сиз эмнеге уруксааты жок сот отурумга киресиз» - деп, байкоочуну сот залынан чыгарып жиберди. Бул сот отуруму буга чейин бир нече жолу судьялардын жана прокурордун жоктугунан кеч башталчуу. Ушул  эле сот отурумунда айыпталуучу К.Т. тарабынан мамлекетке келтириген зыяны учун 95144 сом, 67-тыйын толонгон, бирок сот отурумунда аныкталгандай толонгон толом кеч төлөнгөндүктөн пения катары 14214 сом төлөшү керек деп сот отурумуна тыныгуу жарыяланып, түштөн кийинкиге саат 15-00 жылды.

Саат 15-00до сот отуруму уланып, төрагалык кылуучу   Орозалиев А. сот отурумунун кечигип башталганынан, залдагылардан кечирим сурады. Башка сот отурумунан кеч чыккандарын айты. Сот отурумуна төрагалык кылуучу Орозалиев А. судьялар Сарымсаков У. жана Асанбаев Н. катышты.

Төрагалык кылуучу  тараптарды жарыш сөзгө чакырды. Эки тараптын пикирлерин, бири –бирине суроолордун бар же жок экенин тактап бүткөндөн кийин, прокурор Салмакеевге андан кийин адвокат Асановго реплика үчүн убакыт берди. Аягында  айыпталуучу К.Т.га акыркы сөз берилип, сот отуруму жыйынтыкталып, коллегия  кенешүү бөлмөсүнө чыкты. Судьялар  кенешүү  бөлмөсүндө 30-мүнөт болушуп,  айыпталып жаткан К.Т. карата чыккан сотун аныктамасын окуп берди, тараптардын чыкан аныктамага карата дооматары болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна  кайрылуу укугу бар экенин эскерти.

P.S. Ачык сот отурумдарына күзөт тарабынан киргизбей кою Нарын облустук сотунда биринчи жолу болгон жок. 18-майдагы байкоо жүргүзүүгө келгенде турникетте турган милиция кызматкери киргизбей, байкоочудан тийиштүү уруксаат кагазын талап кылган. Ушундай окуялардан кийин суроо пайда болду: Нарын облустук соту жашыруун жабык имаратка айланганбы? Жөнөкөй жарандар кире алабы? Ачык сот отурумдарына катыша алабы?