Нарын райондук сотунда сот отурумуна байкоо жургузуу

добавлен 25 мая 2017 16:19
просмотров 1030

 

 

2017-жыл 19-май Нарын райондук сотунда Нарын районунун Мин-Булак айылынын тургуну М.Т. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин  97-беренеси  менен козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму болуп өттү. Сот отурумун судья  Мамбеталиев Э. карады .Сот отуруму ырааттамада бар. Отурум прокурор Г. Молдосадыкованын 40 мунөткө кечигуусу менен башталды. Соттолуучу М. Т. адвокаты Токсумаков С. катышты. Судья  Мамбеталиев Э. иш боюнча кыскача маалымат берип, өтүнүчтөрдүн бар же жок экенин сурады. Экинчи сот отурум  болуп жаткандыктан, өткөндө келбей калган кубөөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнөн башталды. Күбөө Ы.Молтоевду сурардан мурун, судья  кубөөнүн өздүгүн аныктады, иш боюнча чындыкты айтышын айтып, жалган көрсөтмө берсе жоопкерчилике тартыларын эскертип кол койдурду. Кубөөнүн көрсөтмөсүнө карата тараптар суроолорун беришти. Судья Мамбеталиев Э. ишти жыйынтыктоого өтүп иштеги материалдар боюнча кыскача маалымат берип, өтүнүчтөр бар же жок экенин дагы бир жолу тактады, ишти жыйынтыктоого  тараптардын каршы эместигин сурады.  Сот отурумунда эки тарапка тен жарыш сөз үчүн убакыт берилди, соттолуучунун адвокаты жана прокурор  жарыш сөзгө чыгып өз ой-пикирлерин  билдиришти. Соттолуучунун  акыркы сөзүнөн кийин, сот өкүм кабыл алуу үчүн жашыруун бөлмөгө чыкты.  20-мүнөттөн кийин судья  Э. Мамбеталиев    өкумдү угузуп,  М.Т. карата 20-жыл эркинен ажыратуу жазасын чектеди. Тараптардын өкүмго карата 10 кундун  ичинде даттанууга укугу бар экенин билдирди.