Прокурор сот отурумуна келбесе, соттолуучулар камакта жата беришеби?

добавлен 25 мая 2017 15:16
просмотров 1235

 

 

23-май саат 14-00го Нарын облустук сотунда, Ат-Башы районунун тургуну К.Т. карата  Кыргыз Республикасынын  Кылмыш Жаза Кодексинин  28-204 беренесинин 1-бөлүгү  боюнча кылмыш иши каралды. Бул иш боюнча  Ат-Башы райондук прокуратурасы    Ат-Башы райондук сотунун чыгарган өкүмүнө нааразы болуп, апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган.  Соттук коллегиясынын курамы: төрагалык кылуучу  Орозалиев А.К.,  курамы Байышов М.Б.  жана Койлонбаев А.И.  Сот отурум саат 14-00го  коюлган, бирок 15 мүнөткө кеч башталды.

 Бул ишке бекитилген прокурор окууга кеткенин, сот отурумуна  келбесин,  катчы  билдирип, прокурордун жазуу түрүндөгү катын төрагалык кылуучуга  берди.  Ушул себеп менен сот отуруму кийинкиге 31-майга калды. «Эмне үчүн прокурор келбейт?»- деп соттолуучунун адвокаты соттук коллегиясына нааразычылыгын билдирди. «Сот отурумуна прокурор  келбей калганы учун, соттолуп жаткан адамдар дагы  бир жума бою камакта олтура береби?» -деп өз оюн билдирди.