24-май куну Баткен облустук сотуна байкоо жургузулду

добавлен 24 мая 2017 14:21
просмотров 1203

 

 

2017 - жылдын 24-май куну Баткен облустук сотуна байкоо жургузулду.
              Сот отурумдарынын тизмеси илинген. Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы  курамында: торагалык кылуучу  А. Ж. Тумоновдун, судьялар Б. А. Айжигитов, Б. М. Алибаев  кассациялык  тартипте  Баткен райондор аралык сотунун 2014-жылдын 19-июнундагы аныктамасы каралды. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Кызыл-Кыя шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы, Маталиев Ж. жана Самидинова Г. протоколду, токтомду, келишимди, мамлекеттик актысын жана сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жонундо административдик иш ондуруштон кыскартылган. Баткен областык прокуратурасы тарабынын процесстин моонотун калыбына келтируу жонундо отунуч келтирилген.

Саат 10:00 белгиленген сот отуруму оз убагында башталды. Соттук коллегиянын торагалык кылуучу кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучулар боюнча катчыдан сурады. Кассациялык даттануу берген тарап Баткен областык прокуратурасынан Темиржанов келди, экинчи тарап белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди.  Соттун курамына ишенбоочулук, отунучторду сурады, жана укук-милдеттер тушундурулду. Андан кийин торагалык кылуучу А. Тумонов иш боюнча баяндама жасады. Доогердин пикирин доо арыздын себептерин сурады,чечим кабыл алуу учун озунчо болмого чыгышты. КР Жарандык процесуалдык кодексинин 225, 226, 337 беренесин  колдонуп,  арыз канааттандыруусуз калтырылды деп  соттук коллегия чечимди угузду.