Нарын облусунун Ак-Талаа райондук соту

добавлен 23 мая 2017 14:39
просмотров 1257

 

 

Нарын облустунун  Ак-Талаа райондук сотунда учурда эки судья  эмгектенишет:

1.       Доулбеков Азат Азейинкулович;

2.       Жумаков Жаныбек Таирбекович.

Эки судья тең  2016-жылдын 14-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде  сот кызматына  дайындалышкан. Сот имараты жаны салынган, ошого байланыштуу  турникет жана видео камералар орнотула элек. Сот залынан бирөө, интернет булагы бар жана компьютерлер  «Токтом» эдвайзерине кошулган. Сот иштеринин тизмеси  бир жума мурун илинип турат. Ак-Талаа райондук сотунда курьер кызматы штатта каралбагандыктан, каттарды жана повесткаларды кароолчулар менен соттун айдоочулары таркатышат.

Айылдар райондун борборунан алыс жайгашкандыктан сот отурумдардын   кечиктирилип башталышына кубөө болдук. 12-май күнү эки жарандык иш  саат 10.00го жана 11.00го коюлса да,  тараптар  белгисиз себептер менен сотко келишкен жок. Байкоо жүргүзүлгөн күнү  сот кызматкерлери  имараттын тегерегине  бактарды, гулдөрду тигип  жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жаткандарын көрдүк.