2017-жыл 16-майында Баткен облусунун райондор аралык сотуна байкоо жургузулду

добавлен 18 мая 2017 11:43
просмотров 1223

 

 

2017-жылдын 16-майында Баткен облусунун райондор аралык сотуна байкоо жүргүзүлдү. Судьялардын каралуучу иштеринин тизмеси жаныланып илинген. Саат 10:00го белгиленген,  төрага Т.Туленбаевдин кароосунда административдик  иш өз убагында башталган жок, себеби тараптар кечигип келди. Судья өз кабинетинде соттук процессти өткөрдү. Кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучу тараптар келгендигин аныктоо үчүн катчыга сөз берди. Доогер ОсОО “Кызыл-Кыя” өкүлү Н.Т.Калмурзаев келди, ал эми жоопкер Кызыл-Кыя шаарынын мамлекеттик каттоо  башкармалыгын өкүлдөрү  белгисиз себептер менен келген жок деп билдирди. Мамлекеттик катто башкармалыгынын  өкүлү келбегендиктен 29-май саат 11:00го калтырылды.

Байкоочу ушул күнү саат 11:00го белгиленген, судья М.Жаманкуловдун төрагалыгындагы “карыз өндүрүү боюнча” экономикалык ишке катышты. Сот отуруму өз убагында башталды, судьянын  кабинетинде өттү. Судья кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучуларды аныктады. Доогер “Айыл Банктын” өкүлү М.Саматов келди. Ал эми жоопкерден жазуу түрүндө ал жок ишти карай берүү жөнүндө арызы келип түшкөн. Ошол себеп менен судья М.Жаманкулов Кыргыз Республикасынын  Жарандык Процесстик Кодексинин 168-беренесинине таянып, ишти карай берүүнү укуктуу деп тапты. Өтүнүчтөр суралды, укук милдеттер түшүндүрүлдү. Доогер “Айыл банктын” өкүлү А.Сапаров, жоопкер кечиктирилген карызды төлөгөндүгүнө байланыштуу арызды кароосуз калтыруу боюнча өтүнүч келтирди. Судья себептерин сурап, чечим кабыл алуу үчүн жашыруун бөлмөдө каларын айтып, кабинеттен  чыгып туруубузду сурады. Саат 11:25те КРнын Жарандык Процесстик Кодексинин 224, 225,226, 266-беренелеринин талаптарына ылайык, судья арызды кароосуз калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.