Талас шаардык сотуна мониторинг

добавлен 11 мая 2017 10:17
просмотров 1145

 

 

Талас шаардык сотунун судьясы Д. С. Суйналиевдин 2017- жылдын 10- майындагы административдик кодекстин 364- беренеси боюнча укук бузуу тууралуу ишти кароосуна байкоо жүргүзүлдү. Тизмеде бул иш белгиленген. График боюнча ишти кароо саат 15:30 коюлган, бирок бир саат кеч башталды, себеби арыз ээси кечигип жатканын телефон аркылуу билдирип, кечирээк баштоону өтүнгөн. Андан тышкаары күбө да  кечигип келди. Байкоочу сот залына тоскоолсуз кирди. Судья катышуучулардын кечиккендери боюнча сын айтып соттук отурумду ачык деп жарыялады. Судья бул ишти карап баштап койгондугу боюнча айтып, катышуучулардан өтүнүчтөрүн сурады. Жабырлануучунун өкүлү укук бузуучуга карата кылмыш ишин козготуу өтүнүчүн судьяга берди. Судья укук бузуучуга карата кылмыш ишин козгоо укугу жок  экенин айтып, өкүлдүн өтүнүчүн канаатандырган жок. Андан кийин жабырлануучунун өкүлү  судьяга ишеним көргөзбөө тууралу арызын берди. Судья укук бузуучудан бул ишеним көргөзбөө тууралу арыз боюнча сураганда, ал судьяга ишеним көргөзөөрүн жана бул арызга каршы экенин билдирди. Андан кийин судья ушул арыз боюнча кеңешүү бөлмөсүнө чыгып, катышуучуларды кетпей туруусун айтты. 10 мүнөттөн кийин чыгып,  административдик кодексинин 582 беренесин жетекчилике алып өкүлдүн ишеним көргөзбөө тууралу арызы негизсиз деп аныкталган токтомун окуду. Токтомго нааразы болгон тарап 10 күндүн ичинде арыз менен кайрылууга укуктуу деп ишти кароону улантты. Судья күбонун өздүгүн тактап анан иш боюнча сурады, кошумча  укук бузуучу суроолорун берип жооп алды. Андан кийин судья катышуучулардан,- “Алымча кошумчалар барбы?”, деп сурап, эч ким унчукпагандан кийин кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти. Соттук актты 15 мүнөттөн кийин чыгып угузду.