Баткен облустук сотуна байкоо жургузуу 26.04.2017ж.

добавлен 02 мая 2017 17:31
просмотров 1163

 

 

       2017- жылдын 26-апрель күнү Баткен облустук сотуна байкоо жүргүзүлдү. Сот отурумдарынын тизмеси илинген. Сот коллегиясынын курамы: З.М.Аданбаевдин төрагалыгында, судьялар- С.З.Жороев, Б.М.Алибаев  апелляциялык тартипте  алимент өндүрүү жөнүндө жарандык иш каралды. Байкоочу сот залына эркин кирди, саат 10:00го белгиленген сот отуруму, жарым саат кечигип башталды. Себебин сураганда катчы тараптар толук эмес деп айтты, ал эми тараптар баары өз убагында келгенин билдиришти.
           Соттук коллегиянын төрагасы кандай иш каралып жатканын жарыялап, катышуучулар боюнча катчыдан маалымат алды. Соттун курамына ишенбөөчүлүк, өтүнүчтөр барбы деп сурады, жана укук милдеттерин түшүндүрдү. Андан кийин судья С.Жороев иш боюнча баяндама жасады. Доогер суралды.
          Соттук коллегия жайында кенешип, тараптардын 
өз ара макулдашуусун сунуштап, 10 мүнөттүк тыныгуу жарыялады. Бирок, тыныгуу 10 мүнөт эмес бир саатка созулду. Себеби арасында саат 10:30га,11:00го коюлган сот процесстерин карады. Андан кийин саат 11:55те кайрадан, 10 мүнөткө тыныгуу жарыялаган сот отуруму уланды.

Тараптар келише албады. Күбөлөр суралып, жарыш сөзгө өттү. Тараптардын пикирин угуп, саат 12:20да чечим кабыл алуу үчүн өзунчө бөлмөгө чыгышты. Кыргыз Республикасынын Жарандык процессуалдык кодексинин 331 беренесин колдонуп, биринчи инстанцияда кабыл алынган чечим өзгөртүүсүз калтырылды деп  соттук коллегия чечимди угузду.