Нарын облустук соту 15-март 2017-жыл

добавлен 31 марта 2017 16:13
просмотров 1201

 

 

2017-жылдын 15-март күнү Нарын облустук сотунда жаран С.Кайкиевдин аппеляциялык доо арызы каралды. Бул иш  сот отурумдарынын тизмеси боюнча  саат 14-00го бекитилген, бирок  3 саатка кечигип башталды. Сот ишинин катышуучулары алыс жерден келишкендигине байланыштуу, процесстин  башталышын сотто күтүп жатышты, көп убакыт күткөндүгүнөн чарчап, сот залында уктап  жатышкандар да болду.

Ишти кароо боюнча соттук курам: төрайым кылуучу  Амиракулова З. судьялар: Байышов М., Ташманбетов Т. Отурумдун кеч башталгандыгын  соттордун жетишсиздиги менен түшүндүрүп,  залдагылардан төрайым кечирим сурады. Соттук отурум жумуш күнү аяктап калганда башталганына  байланыштуу, катышуучулардын макулдугу менен 30 мүнөткө узартылды.  Кайкиев С. иштеги документтерди кол жазма  экспертизасынан  өткөзүү өтүнүчүн сот кабыл алып, бул ишти экпертизанын кортундусу чыкканга чейин жылдырылды.