Кыргыз Республикасынын Талас облустук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 28 февраля 2017 17:46
просмотров 1165

 

 

2017- жылдын 27- февраль күнү жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында төрагалык кылуучу Жамангулов Ж.Ж, судьялар Абдиева З.М., Жамангулова Ж.Т. тарабынан каралган  никени бузуу жөнүндө ишке  байкоо жүргүзүлдү.

Каралуучу иштердин тизмеси коридордо илинген, соттук процесс саат 10:00го белгиленген  жана өз убагында башталды. Төрагалык кылуучу судья Жамангулов Ж.Ж.  соттук отурумду ачык деп жарыялап,  доогер  С. Джакыбалиеванын апелляциалык арызы боюнча иш караларын угузду. Катчы соттук отурумга келген тараптар боюнча доклат берди, төрага жоопкердин жактоочусунун тиешелүү документтерин текшерди. Төрага сот отурумунун курамы менен тааныштырып, тараптардан соттун курамына ишеним көргөзүүлөрү боюнча сурады. Андан кийин катышуучулардын укук- милдеттерин түшүндүрдү. Төрага тараптардан арыз же өтүнүчтөрүн сурады, доогердин жактоочусу кошумча матералдарды ишке тиркөө өтүнүчү менен сотко кайрылды, төрага материалдардын ичинен жер үлүшүнө болгон мамлкеттик актынын өзүн алып келүү керектигин айтты. Төрага жоопкерден жана анын жактоочусунан материалды ишке тиркөө жөнүндө сурады, алар каршы эместигин билдирди. Судья Жамангулов Ж.Т.  иштин маңызы менен тааныштырды. Төрага доогерден апелляциалык арызды колдойсузбу деп сурап, андан кийин сөз берди. Доогер райондук соттун чечими бир тараптуу болгонун айтты. Доогердин жактоочусу Бакай – Ата райондук соттун чечими туура эмес чыкканын белгилеп, жарашууга мөөнөт берүүсүн өтүндү. Андан кийин жоопкерге сөз берилип, ал Бакай-Ата райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранды. Судья Абдиева З.М.  доогер менен жоопкерди жарашуусу үчүн убакыт берели дегенине доогер макул болду, жоопкер макул эместигин билдирди. Соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлүмүнө чыгып, көп убакыт өтпөй кайра киришип ЖПКнын 170-беренесин жана үй-бүлөө кодексинин 23-беренесин жетекчилике алып өз ара жарашуу үчүн 2 ай мөөнөт берип соттук отурумду 2017- жылдын 27- апрелине белгиледи.