Талас облусунун Кара – Буура райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 09 февраля 2017 18:14
просмотров 1476

 

 

Талас обласынын Кара – Буура райондук сотуна 2017- жылдын 8-февраль күнү байкоо жүргүзүлдү. Имарат эки кабаттуу, биринчи кабаттында Кара – Буура райондук прокуратура башкармалыгы орун алган. Ал эми  Кара–Буура райондук соту экинчи кабатта  жайгашкан. Сотко  караштуу кабатта капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканына кубоо болдук. Ошо себеп менен  каралуучу иштердин тизмеси илинген эмес жана соттук отурумдар судьялардын кабинеттеринде өтүүдө.  Аталган сотто 3 судья иштейт. Соттун төрайымы - Эсенгулова Асель Токтакуновна, судьялар Ташматов Узак Таалайбекович, Ахунов Токтогул Букарбекович.

Судья У.Т.Ташматовдун кароосуна саат 10:00го Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 167-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1, 3- пункту, 3- бөлүмүнүн 2- пункту боюнча жазык иши коюлган. Соттук отурум тараптардын кечигүүсүнө байланыштуу 25 мүнөткө кеч башталды. Судья соттук отурумду ачык деп жарыялап жана кайсы иш караларын угузду. Катчы соттук отурумга келген тараптардын аты-жөнүн атап доклад берди. Судья катышуучулардын өздүгүн ооз эки  жана паспорту аркылуу тактап, соттук отурумдун курамы менен тааныштырды жана катышуучулардын укук милдеттерин айтты. Андан кийин судья катышуучулардан соттук териштирүүнү баштоонун алдында өтүнүчтөрүн сурады. Соттолуучулардын адвокаты жабырлануучунун соттолуучуга эч кандай доосу жоктугуна байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө өтүнүчүн келтирди. Судья жабырлануучудан бул өтүнүчтү тастыктоосун жана колдоосу жөнүндө сурады, ал колдоорун билдирди. Прокурор да бул өтүнүчкө каршылыгы жоктугун билдирди. Судья мындан ары соттук отурумду улантууга кажети барбы деп катышуучулардан сурады, алар улантууга кажет жок деп билдиришти. Жыйынтыгында судья кеңешүү бөлмөсүндө калып, катышуучулардын чыгып туруусун өтүндү. Бир аз убакыт өтпөй  судья катчы аркылуу катышуучуларды чакыртып Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 66- беренесинин 1-бөлүмүн жетекчилике алып, кылмыш жаза жоопкерчилигинен бошотуу туралуу чечимин угузду.