Баткен облустук сотуна байкоо жургузуу.

добавлен 25 января 2017 14:35
просмотров 1318

 

 

2017- жылдын 24- январында Баткен облустук сотунда байкоо жургузулду. Байкоо учурунда маалым болгондой,  аталган сотто штат боюнча 10 судья каралган жана учурда 10 судья иштеп жатышат. Алар: Баткен облустук сотунун торагасы Мусаев Сайдибаказ Темирович, судьялар: Карабаев Сооронбай Уркунбаевич., Нарынбаев Таштанбек Пахирович, Пазылов Мамасаит Мамытович, Аданбаев Зарипбек Максутович, Жороев Султангазы Золотунович, Тумонов Алтынбек Жаныбаевич, Айжигитов Бостонбай Абдирашитович, Алибаев Бактияр Маликович жана Толубаева Уулча Мейманалиевна.
            Баткен облусунун сотунда  соттук процесстердин тизмеси (расписание) илинген. Бирок, 24- январга 5 иш карала турган болсо, алардын экоосунун убактысы 10:00 го,  бир саатка  коюлган, ал эми калгандарынын убактысы коюлган эмес. Сот отуруму да копчулук учурда  оз убагында башталбай тургандыгынын себеби - жолдун алыстыгы жана тараптар ар кайсы райондордон келе тургандыгына байланыштуу кутууго тура келет деп билдиришти.
          Баткен облустук сотунда 5 видеокамералар бар, алардын экоосу сот залында орнотулган жана сот отурумунун журушун тартып, бир айга чейин сактап берет. Экоосу 1-2-кабаттын залдарында жана бироосу сыртта короону кароо учун орнотулган.
Компьютерлер интернет байланышы менен туташтырылган.

   2017-жылдын 24-январындагы 2 сот отурумуна байкоо жургузулду. Соттук коллегия  С.У. Карабаевдин торагалыгында, судьялар Нарынбаев Т.П., Пазылов М.М. составында кылмыш ишин карады. Саат 10:00го белгиленген сот отуруму саат 10:30 башталды, себеби жабырлануучу тарап убагында келген жок. Сот залына кирууго эч кандай тоскоолдук болгон жок, байкоочу озун тааныштырып эркин кирди. Соттук коллегия соттук отурумун ачык деп жарыялап, кайсыл иш каралып жатканын жарыялады,  процецесске катышкан тараптардын сотко келгенин аныктап алардын укук-милдеттерин тушундуруп берди. Соттолучунун жактоочусу жаны болгондугуна байланыштуу иш менен таанышып чыгуу учун отунуч келтирип, иш кароосу  2017-жылдын 31-январына жылдырылды.
            Андан кийин эле ушул куну саат 10:00го белгиленген сот отуруму, ошол эле сот коллегиясынын кароосунда, саат 10:50 башталды. Сот коллегиясынын курамы   С.У. Карабаевдин торагалыгында, судьялар Нарынбаев Т.П., Пазылов М.М., кылмыш ишин карады. Соттолучуга  сот коллегиясы укук милдеттерин тушундурду. Оз ыктыяры менен адвокат алуудан баш тартты жана сот коллегиясына ишеним корсотту. Соттук териштируу, жарыш соз  болуп, жыйынтыгында  сот коллегиясы соттук акт чыгарды.