Нарын облусунун, Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бургон айылдык аймактын М.Базаркулов атындагы орто мектебинин директору 2016 жылдын 25 апрелинде ээлеген жумуш ордунан убактылуу чектетилген.
Иштин манызы: 2015 жылы Ак-Талаа районунун Кара-Бургон айыл аймагынын айыл окмотундо жайгашкан орто мектептин чатырын ондогонго дем беруучу грант берилген.
Бул каражат айыл окмотко болунуп, жергиликтуу бюджетке тушкон. Кийин иштер аткарылып буткондон кийин, жергиликтуу кенештин депутаттары прокуратурага арыз менен кайрылып, бул иш боюнча тергоо иши жургузулуп, кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иштин алкагында Соодонбеков Н.- айыл окмоттун башчысына, подрядчик - тендерден уткан «Стройреммонтаж» ЖЧК жетекчиси - Алымбек уулу А., мектептин директору - Чыныбаев Н. жана Ташманбетов Б. Нарын облустук курулуш башкармалыгында ондуруштук-техникалык болумунун жетектоочу адис кызматкери айыпталуучу болуп табылышкан.
Айыл окмоттун башчысы аталган каражаттын ээси караты айып тартканы туура, подрядчик – каражатты (384 мин сом) максатсыз жумушаган учун айыпка тартылды, облустук курулуш башкармалыгынын адиси – бул маселени туура козомолго алган эместиги учун айыпка тартылды. Мектептин директору болсо комиссиянын торагасы болуп, айыл окмоттун буйругу менен дайындалган. Мыйзам боюнча (эмгек кодекс) айыл окмоттун башчысы мектептин директорун оз буйругу менен комиссияга киргизгенге укукту эмес. Ошого карабастан, бул кылмыш иштин негизинде, мектептин директору ээлеген жумуш ордунан убактылуу четтетилди. Азыр бул соттук териштируу, Адилет министрлигинин алдындагы курулуш экспертизасына жиберилди, а мектептин директору 8 айдан бери жумушсуз жургонуно ким жооп берет?
Эми алдыда соттук териштируу. Мектептин директору айыл окмоттун кызматкери болуп эсептелбейт, жергиликтуу бюджетке тиешеси жок, курулучу нормаларга адис эмес, курулушка техникалык козомолду жургузо албайт, ошондо Кылмыш кодексинин 304 беренеси мектептин директоруна эмнеге коюлган? Мектептин директору, айтылган каражатка жана жергиликтуу бюджетке тиешеси жок болуп эсептелинет.
Ушул маселе боюнча Жогорку соттун пленуму жалпылоо жасап: «… профессионалдык же техникалык милдеттерин аткарган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жумушчулары, кызматтык кылмыштын субъектиси болушпайт», деп белгилешкен.
P.S. Кыргызстанда, ушинтип мыйзамдарды туура эмес колдонгон учурлар азаябы же козомол кылчу органдар, оз кызыкчылыгы учун, бир мыйзамды ар кандай кырдалдарда оздору билгендей колдоно беришеби?