“Укуктун үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көмөктөшүүсүндө sot.kg сайтына сот актыларын жана сот жыйналыштары тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу механизмин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топту түздү. Жумушчу топ бир катар мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунуш кылды жана сот актыларын жарыялоо боюнча деталдуу нускаманы иштеп чыкты. Бул иш USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда жүргүзүлүүдө.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна сунуштамалар сот актыларын жарыялоону төмөнкүдөй градацияга ылайык иштердин категориялары боюнча бөлүштүрүү боюнча сунуштарды камтыйт:
“Sot.kg” Интернет-ресурсуна сот актыларын жарыялоонун тартиби жөнүндө” нускаманын долбоору де-жекелештирүү критерийлеринин кыскартылган тизмесин жана маалыматты жарыялоо процессинин жөнөкөйлөтүлгөн тартибин карайт.
Аталган документтер макулдашуу үчүн КР Жогорку сотуна, КР Судьялар кеңешине берилди, андан соң коомдук талкууга чыгарылып жана КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине берилет. Иштелип чыккан документтер учурдагы татаал жол-жобонун ордуна Интернет ресурска сот актыларын жайгаштыруу процессин ишке ашыруунун кыйла жөнөкөй механизмин карайт. Пресс-релиз.