Рита Карасартова: Сот реформасын координация кылган орган жок

добавлен 31 марта 2016 13:05
просмотров 956

 

 

Image caption

 

 

“Коомдук талдоо институтунун” жетекчиси Рита Карасартова

 

 

Жарандык уюмдар сот реформасынын жүрүшү боюнча өткөргөн мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды. Мониторингди жүргүзгөн “Коомдук талдоо институтунун” жетекчиси Рита Карасартова Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

 

Р. Карасартова: Негизи сот реформасы башталганы айтылган. Андан кийин жарандык активисттер ар кайсы тармагын көзөмөл жүргүзүп келгенбиз. Ушул жылдан тарта биз жалпы сот реформасы кандай жүрүшү керек, биз коюп жаткан максаттар ишке ашып жатабы деген маселелерди караганга аттандык. Биринчи эле кабыл алынган документтерди карап чыкканыбызда бир топ мүчүлүштүктөрдү байкадык.

Би-Би-Си: Ал кандай мүчүлүштүктөр?

Р. Карасартова: Бизге ушул ишти кароого жардам бергени Молдовадан эксперт келген эле. Ал биринчи эле келгенде “сот реформаңарды алдыга жылдырып, жалпы координация кылган ким?” деп суроо берди. Биз андай институтту тапкан жокпуз. Бизде сот реформасы боюнча президенттин аппаратынын алдында кеңеш түзүлгөн. Бул кеңеш анда-санда гана жолугуп, кайра тараган топ болгондуктан, алдыга сүйрөй турган укуктары жок.

Ошондо молдовалык адис “Эгер алдыга сүрөгөн орган болбосо, силердин реформаңар жакшы жүрөт деп ким кепилдик бере алат?” деп сурады. Көрсө биз документ жазылып жаткан учурда эле, кайсы жакка жана эмнеге баратабыз дегендерди ойлонбой эле жазып коет экенбиз. Мыйзамдарды карап чыкканга топ түзүп коюп эле, ал мыйзамдарда кандай мүчүлүштүктөр болду дегенге жооп бербейт экенбиз.

Азыр сот реформасында бүтүп бараткан багыттар бар: соттордун ордун тазалоо, мыйзамдарды оңдоо сыяктуу. Биринчи багыт майда бүтөт, азыр соттордун 89-90% тандалып калды. Бирок ошол процесс деле туура эмес өтүп калды дегендер болууда. Себеби мыйзам жакшы жазылган, а биз ага ишенгенбиз. Ага ылайык, сотторду тандоо кеңешинин үчтөн экиси жарандык коомдон болушу керек эле. Шайлап жатканда жарандык коом эмне экенин билбеген депутаттар өздөрүнүн партиялаштарын, санаалаштарын алып келип алды. Ошондон улам бул процесске саясий кызыкчылык аралашып калды.

Би-Би-Си: 2010-жылы башталган сот реформасынын оң натыйжалары көрүнө баштадыбы ?

Р. Карасартова: Бирөөнүн ою боюнча, реформа дагы эле баштала элек, дагы биринин айтымында, башталган реформа туңгуюкка такалды, дагы башкалары үчүн аябай жакшы өтүп жатат. Бирок биз эмоцияны четке кое туруп, 2012-жылдан бүгүнкүгө чейин кандай кадамдар жасалган, алар максатка жеттиби дегенди айтышыбыз керек.

Тилекке каршы, кагаз түрүндө жасалган иштер 30 пайызды түзөт экен. Бирок ал элге тиешеси жок чаралар. Мисалы, кайсы бир стандарттар, документтерди ойлоп чыгышкан. Элге керектүү ар бир сот залына видео каттоо коюлса болмок, ошондо сот иштеринде түрдүү сүйлөө жоголмок, анткени далил бар болот. Бизде секретарлар отуруп жазышат, он пайызын жазса, токсону калат. Анан уруш-талаш чыгат. Видео протокол эки тарапты тең жөнгө салып, жакшы жолго буруп коймок. Бул сыяктуу элге жардам бере турган маселелер чечиле элек.

Би-Би-Си: Кыргызстанда сот процесстеринде көбүнчө кандай укуктарга доо кетүүдө?

Р. Карасартова: Менин баамымда, ыкчам, адилеттүүлүккө байланыштуу укуктар деп айтмакмын. Анткени сот адилеттүүлүк үчүн керек да. Айрым сот процесстери бир-үч жылга чейин созула берет, бул жерде ыкчам убакта карай турган укук тебеленип жатканы бүгүнкү күндө оркоюп көрүнүп турат.