Революцияны биз жасаганбыз деп ураан чапкылаган «баатырлардан» Кыргызстан качан кутулат?

добавлен 30 января 2013 16:04
просмотров 855

 

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Нарын шаарынан Омурова Жыпара  кайрылган. Анын кандай жагдайга туш болгонун биз Акыйкат издеген эненин ыйын КИМ УГАТ деген макалабызда көрсөткөнбүз.

Сот териштирүнүн жүрүшү:

08.11.2012 жылы Нарын шаарынын шаардык соту Султаналиев М. Ачык соттук отурумунда карап Сот системасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кенештин байкоочусунун катышуусунда каралып Орозахун уулу Фархадка коюлган айып далилсиз болгондугунан соттун чечими менен акталган.

28.01.13 жылы Нарын облусунун областтык соту соттук курамында: төрагалык кылган Шайзындаев А., Эшалиев А., Абасов бул ишти карап Орозахун уулу Фархадты өлтүрүүгө кол салуу деген беренеге такап 13 жылга эркинен ажыратты. «Кайсы далилдин негизинде мындай чечим чыгардын» деп, баланын апасы сотко суроо жөнөтсө, Абдылдаева Жумагул (революцияга катышкан экинчи тараптын апасы) бүт жерге кайрылып, кыйкырып жатпайбы, Президентке чейин барып жатат, жакында тандоо болот, ошондуктан мени дагы ойлогула, бул чечимди Жогорку соттон буздуруп алгыла, алар акыйкат иштегенге жол бар анткени алар тандоодон өттү, деп жооп бериптир.   

P.S.  Кайсы убакытка чейин эле бийликтегилер мен «революционермин» деп кыйкыргандарды угуп, мыйзамдуулуктан качып, алардын көзүн караганын токтотушат?