“Жакшы” экспертиң бар болсо, оңой түрмөгө камайсың.

добавлен 18 марта 2024 15:53
просмотров 151

 

 

12-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда туу  өзгөрүүсүнө  каршы чыккан Афтандил Жоробековго карата козголгон кылмыш иш каралды. Мындан мурунку сот отурумунда лингвистикалык экспертизаны жасаган эксперт келбей калып, отурум бүгункү күнгө жылган. Эксперт лингвист Нурлан Сакпаев сот териштирүүгө келгенине байланыштуу, судья  экспертти сурап башташты.

Эксперт өздүк маалыматын айтты: Ал 1975-жылы Нарын шаарында төрөлүп, Бишкек Гуманитардык Университеттин күндүзгү бөлүгүн окуп аяктап, лингвист эксперт кесибин алганын айтты.  8 жылдык  тажрыйбасы бар эжкенин кошумчулады.

Андан соң экспертиза кылганда кандай методдорду,  кандай адабиятты колдонгонун айтып, кезек суроо жоопко өттүү.

Прокурор  Абасканова: 2023-жылдын 7-декабырында соттук иликтөө  экспертизаны сиз чыгардыныз беле, эмненин негизинде чыгардыныз?

Нурлан Сакпаев (эксперт): 2023-жылдын 7-декабырында Бишкек шаардык ИИМ улук тергөөчүсү  Темиралиевдин  токтому келип түшкөн. Изилдөө объектиси болуп Тик-Ток социалдык тармагындагы  «Беспредел Кейджи» аттуу  аккаунтунун видео кайрылуусу 1 дискте жана 4 барак скриншоттор келген. Ошол дискте 3 мүнөт 38 секунддук бир жигиттин кайрылуусу бар экен.

 Афтандилдин түз эфирде айткан сөзүн окуп чыкты.  Видеокайрылууну стенограмма кылып, изилдеп чыктык, деди.

Видео кайрылуунун башында кайрылып жаткан адам азыркы бийликти жаманаттуу кылып, жамандоо, каралоо аркылуу, видеокайрылуусунун максаттуулугун көрсөтүп турат, дейт. “Ошол үчүн 2023-жылдын 9-декабырында Горький паркына, туунун өзгөрүшүнө каршы жыйын өткөрөбүз” деп күнүн, убактысын белгилеп, ишенимдүү айтып жатат, дейт эксперт. Мен өткөрөм дебей, өткөрөбүз деп көптүк санда айтканы массалык  жыйын болорун билдирет деп сөзүн улантты  эксперт.

«Туунун өзгөрүшү кимге керек экени билинип эле калды, ал резиденцияга жаңы туу менен кирип барам деген ою бар» деп Президентке сөз тийгизип жатат. Бул адам эфирге жакшы даярданыптыр, ал бийликтеги адамдардын ысымын атабай, бирок подтекст менен ал ким экенин билдирип жатат, дейт Нурлан Сакпаев.

Менин эксперттик  тажрыйбам көрсөткөндөй, туунун өзгөртүү маселе, автор үчүн  бул жөн эле себеп, жөн эле жүйө, ниети дейт эксперт.

Үч мүнөттүк видеокайрылуу аркылуу элдин бийликке карата негативдуу ой пикири жаралды. Мен атайын көрсөттум, ал видеокайрылуунун алдындагы комментарийлерди анализдеп чыктым, дейт лингвист эксперт. Бул коомчулуктун реакциясы, мен бул сөздөрдү асмандан алган жокмун, комментарийлер скриншотто, деп кошумчалады.

Натыйжада мен кийинкидей жыйынтыкка келдим, биз изилдөөгө алган материалда видекайрылуунун автору учурдагы бийликти негативдүү, жек көрүү, жаманатты кылуу менен бийликти кулатууга чакырык таштаган. Андан сырткары азыркы бийликке каршы аракеттерин ишке ашырууну чакырык формасында “Беспредел кейджи” аттуу аккаунтта камтылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 9-декабырында чогулуш өткөрөбүз деп атат, өткөрөлүү деп айтпай өткөрөбүз деп ишенимдүү айтып жатат, бул автор коомчулукту массалык башаламандыка уюштурунуу көздөгөнүү ачык билинип атат. Үчүнчүсү, бул кайрылуу социалдык тармакта жарыяланганы үчүн, коомдук кызыгуу жаратып,  коомдук мүнөзгө ээ материал деп эсептейм, деп өз сөзүн аяктады.

А. Алагушев (адвокат): Афтандил кайрылууну кыргыз тилинде жасаптыр, сиз кыргыз тил, кыргыз адабият боюнча лингвист эксперт экенсиз, а эмнеге терөөчү суроолорду орус тилинде даярдап келсе, аны кыргыз тилинде даярдап кел, деп айткан жоксуз? Тергөөчү даярдаган суроолорду өзүңүз которуп алдынызбы?

Нурлан Сакпаев (эксперт): КР мыйзамына ылайык, эксперт кайсы тилде жооп бергенге ынгайлуу болсо, жооп жазганга мыйзам жол берет. Мен котормочу эмесмин. Материал кыргыз тилинде болгондуктан мен билген тилимде экспертиза кыла берем.

А. Алагушев (адвокат): Биринчи суроодо минтип турат: «имеется ли в представленных материалах негативные реакции на   массовое сознание людей». Сиз ушул суроого кантип жооп бердиниз?

Нурлан Сакпаев (эксперт): «Текстин автору азыркы бийликке карата, алардын иштерине карата  жеке нааразычылыгын билдирет жана негативдуу пикирлерин өтө эмоционалдуу,  эспресионалдуу лингвистикалык билдиктер аркылуу билдирген. Азыркы бийликти кулатууга чакырык таштайт, азыркы бийликти коомдо дискриминациялоо, жек көрүүгө, жаманаттуу кылууга көздөгөн сүйлөмдөрдү колдонгон.

А. Алагушев (адвокат): Суроодо «негативная реакция на массовое сознание людей» деген жери бар. Сиз ушундай суроого жооп бергенге укугунуз барбы?

Нурлан Сакпаев (эксперт): Текстке элдин реакциясын кошуп келсе, изилдеп корутундуга кошо беребиз, бирок реакция, психология биздин иш эмес. Мына коомчулуктун пикири деп, 4 барак комментарийлердин скриншотун кошуп кеткем, дейт.

А. Алагушев (адвокат): Орус тилинде айтсак, сиз “имеется реакция на массовое сознание” деп жооп берип атасызда ээ?

Нурлан Сакпаев (эксперт): жок, мен антип жооп берген жокмун мен эмоционалдуу, экспрессивдүү деп тил жагынан жооп берип атам, а психология менен укуктук жакка кирген жокмун. Сиз психологиялык, укукту жака кирип кетип жатасыз, а мен ал жака кире албайм, мен лингвистикалык жагын эле айтып жатам.

А. Алагушев (адвокат): Биз ошону айтып жатабыз, тергөөчүлөр сизге психикалык, укуктук суроону орус тилинде  берсе, сиз ага  кыргыз тилинде лингвист болуп алып, жооп берип жатасыз.

Нурлан Сакпаев (эксперт): Мен лингвистикалык жагын эле жаздым, мына 4 барак элдин реакциясы турат, ошону изилдеп жаздымда. Видеокайрылуу бийликти жамандоо менен башталып, эмоционалдуу болуп, реакция жаратты да, андай болбосо мен жазып бермекмин “реакция жараткан жок”- деп.

А. Алагушев (адвокат): Экинчи суроо: “имеется ли в представленных материалах призывы к массовым беспорядкам?” Буга кантип жооп бердиниз? Массалык башаламандык өткөрүүнү көздөйт, деп жазыпсыз, аны кайдан көрдүнүз?

Нурлан Сакпаев (эксперт): Ой чогулуш өткөрөбүз деп айтып жатпайбы. Чогулуш дегенди бир адам өткөрбөйт да, өткөрөм деп айтпай, өткөрөбүз деп көптүк түрдө айтып, массалык экенин билдирип, башаламандыкка чакырык кылып атпайбы.

Афтандил Жоробеков айткан сөзүн КР статистикалык комитетинин сайтынан алып, ар бир сөзүн тастыктап берди. Ал жөн эле каралоо сөз эмес, ал өз оюн айтуу, фактология аркылуу пикирин билдирүү экенин айтты.

Судья экспертке сонун суроо берди: ошондо сиз жолугушуну = башаламандык деп билесизби?

Эксперт кайрадан, мурунку айткан сөздөрүн кайталап, массалык жыйын болгондуктан, ал башаламандыка алып келет, деп кайталады.

P.S. Мындай эксперттер менен каалаган адамды кылмышкер кылуу – оор деле жумуш эмес экен.