Ысык-Колдо «Кыргыз Республикасындагы балдар учун юстиция» тренинги отуп жатат. ЖОГОРКУ СОТТУН БАСМА СОЗ КЫЗМАТЫ

добавлен 10 июня 2014 14:10
просмотров 1040

 

 

Бүгүн, 2014-жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору жана ЮНИСЕФ, «Укук борбору» коомдук фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция» аталыштагы тренингди өткөрүүдө.

Тренингдин катышуучулары: Ысык-Көл областынын судьялары, прокурорлору, жактоочулар, Ички иштер министрлигинин жана Ысык-Көл областынын социалдык ɵнүктүрүү аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери.

Иш-чаранын тренерлери: Ысык-Көл областык сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Аида Рыскулова, «Укук борбору» коомдук фондусунун юристи Айжан Кадырова, Чүй областык прокуратурасынын бɵлүм башчысы Улан Шаршеев, КР ИИМ Академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов.

Тренингдин программасы боюнча төмөнкүдөй маселелер каралып жатат:

·         Ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар;

·         Ювеналдык юстиция тармагындагы прокуратуранын ишмердигинин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

·         Жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо ɵзгɵчɵлүктɵрү;

·         Ювеналдык юстициядагы адвакаттык ишмердиктин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

·         Ювеналдык юстициясынын социалдык ɵңүттɵрү.