Аманбаева Шахида сот залынан бошотулду, бирок акталган жок

добавлен 29 мая 2014 15:44
просмотров 993

 

 

2014-жылдын 29-майында саат 09-00 Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө апелляциялык даттануу боюнча иш уланды. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р. Сот отуруму 1 саат 15 мүнөткө кечиктирилип башталды.

Соттук коллегия сот отурумун улантууну жарыялап, соттолуучу Аскеев Урматка акыркы сөз берип,  андан соң соттук  коллегия кеңешүү бөлмөсүнө киришти. 1 саат 10 мүнөт өткөндөн кийин соттук коллегия кеңеш бөлмөсүнөн чыгып, чыгарылган өкүмдү окушту.  Аскеев Урматты Кыргыз Республикасынын КЖКнын 97-статьясы менен айыпталып 9 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абакта өтөсүн.  Бирок ал СИЗОдо отурган 1 күнү  2 күнгө көбөйтүлөт жана ошондой  2014-жылдын Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө законунун 3-беренеси (атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 5 жылдан ашык жана 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бирине) колдонулат.  Ал эми Жумашев Алишерди адам өлтүрүү  кылмышына  кошо катышты деп айыпталып 4 жылга эркинен ажыратылып, жатак абакта өтөсүн . Алишердин СИЗОдо отурган 1 күнү 3 күнгө көбөйтүлөт. Аманбаева Шахида адам өлтүрүү  кылмышын  жаап-жашырган деп айыпталып 4 жылга эркинен ажыратылып, жатак абакта өтөсүн деген өкүм кылышты. Шахиданын СИЗОдо отурган бир күнү 3 күнгө көбөйтүлүп, берилген мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аны сот отурумунан бошотууну айтып, ошол жерден Аманбаева Шахиданы бошотушту.  Бошотулган Аманбаева Шахида менен энеси Аманбаева Нургулдун бири-бирин кучактап ыйлап жатканын көрүп жанында тура албайсың. Байкуш эне менен кызы 3,5 жылдан бери акыйкаттуулукту издеп келишкен. 

Айтып кетчү нерсе, Аманбаева Шахиданын абалы оор экендиги бардыгына белгилүү. Биринчиден Шахидага ден-соолугу жакшы болуп кетишин каалайбыз! 

 

Фото жана видео Азаттык Медианын Youtube каналынан алынган