Чуй облустук сотунда кезек куткон жарандар...

добавлен 29 ноября 2013 14:13
просмотров 780

 

2013-жылдын 28-ноябрына саат 16:00 административдик жана экономикалык иш белгиленген. Күн тартиби илинген. Сот отуруму 1 саат 5мүнөткө кечигип башталды. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Курманбаев Ж.А. жана Чекирова А.М., Турумбекова Ж.Н..

Процессуалдык ченемдер сакталды. Соттук коллегия ишти карап чыккан соң, чечим чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө сот залында калды.

Жыйынтыгында 1 инстанциядагы соттун чечимин өзгөрүүсүз, апелляциялык даттанууну канааттандырылуусуз калтырды.

P.S. Ишти кароо дайыма кечигүү менен башталат. Албетте, бул көрүнүшкө карапайым калк нааразы. Качан, канткенде сот отурумдары белгиленген убакытта башталат?