Апелляциялык инстанция бул ишке туура чекит кое алабы???

добавлен 30 августа 2012 17:45
просмотров 1358

 

 

 

29.05.2012 жылы Бишкек шаардык сотто Ж. Жакыпбердиев, К. Усенов, С. Таштанбеков сот коллегия курамында мурун биздин сайтта жазып аткан сот териштирүү болмок. Мурдагы публикацияларга шилтемелер "Адамдын тагдырын КИМ чечет: сот же милиция???", "Судебные тяжбы с «оборотнями в погонах»"

27 август күнү бул сот процесси айыптоочулардын жактоочусу Абиев келбей калганына байланыштуу ишти 29 августка которушкан.  29 августа, бул иш кайра кийинки мөөнөткө калтырылды, анткени бул сапар конвой жабыркалануучуларды алып келбей калгандыгына байланыштуу. Бишкек шаардык соттун секретардары жактан кенкен ката бы же процессти атайлап чойуу жолдорубу түшүнүксүз. 

Бул иште соттолуучу болуп милиция кызматкерлери Т.М. Джамангулов, Э.Р. Сапарбаев, А.Б. Ногойбаев, Э.А. Туманов зордук зомбулук иш аракеттерди колдонуп тергөө жүргүзүлгөн деп айыпталып жатышат.

Бул ишке Жарандык кеңештин экспертизасы: Ленин райондук сотунун 16 июнь 2010 жылдагы жана Бишкек шаардык сотунун 30 июль 2010 жылдагы өкүмдөрүнө караганда Э.Т. Ниязбеков жана Г.А. Уркунбаев алардын айыбына тергөө органдары тарабынан угузулган КР КЖКнын 97 ст. 2 б. 10, 15 пп. боюнча аракеттеринде  кылмыштын курамы  жок деп, туура эле акталгандыгы көрүнөт.

Биринчиден, окуяны өз көзү менен көргөн, тергөөдө жана биринчи инстанциядагы соттук отурумунда суралган күбө Б. Бейшекеевтин көрсөтүүсүнө караганда жабырланган А. Холодовту 26.09.10 ж. түнкү саат 03:30 чамасында сабап жатышкан балдардын бойлору эки башка болгон, б.а. бирөөсү узун бойлуу, ал эми экинчиси жапыз бойлуу болушкан жана кийген кийимдери жука болуп, жергиликтүү балдар экенин айгинелеп турган, ошондой эле кийген кийимдери соттолгондордун кийимдерине окшош болбогон. Күбө Б. Бейшекеев соттолуп жатышкан Э.Ниязбеков менен Т.Уркунбаевдин бойлору бирдей, б.а. тең бойлу экенин, анын өзүнүн бою менен эле тең экенин көрсөтөт.

Экинчиден, жабырланган А.Холодовдун мыйзамдуу өкүлү М.Холодованын соттук отурумда берген көрсөтүсүнө ылайык А.Холодов бул окуяга чейин 2-3 күн мурун белгисиз адамдар тарабынан уруп, сабалган. Денесине көптөгөн жаракаттарды алган. Алган жаракаттарына байланыштуу ооруканага кайрылган, суйлөй албай калган, ооруканада үстүнкү эрди тигилген жана ошол учурда дарыланып жүргөн. Бул себептен ал өз алдынча эч убакытта түнкү саат 03:30 чамасында окуя болгон жерге бармак эмес. Бул жагдайлар тергөө органы тарабынан алдын ала тергөөдө таптакыр тергелбей калтырылган, б.а. бул жагдай иш боюнча акыйкаттуу жана адилеттүү чечим чыгаруу үчүн өтө чоң мааниси бар экени эске алынбаган.

Үчүнчүдөн, окуя болгон жерде жабырланган А.Холодовтун денесинен көп кан аккан, кандын тактары бир эле жерде эмес, бир нече жерде калган. Бул жагдай окуяны кароо протоколу жана фототаблицалар менен тастыкталат, б.а. А.Холодовту урган адамдар аны сүдүрөп жүрүп урганын, же бобосо Холодов урган адамдардан качып ар кайсыл жерге жыгылганын айгинелейт. Бул жагдайларда А.Холодовду урган адамдардын бут кийимдеринде же болбосо башка кийимдеринде жабырланычуунун канынын тактары сөзсүз калмак, ал эми бул иш боюнча жүргүзүлгөн биринчи соттук биологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык жабырланучуунун тактары соттолгондордун киймдеринен табылган эмес.

Төртүнчүдөн, алдын ала тергөөдө Э.Ниязбеков жана Г.Уркунбаевка карата милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулган, б.а. Г.Уркунбаев күнөөсүн мойнуна ага карата милиция кызматкерлеринин күч колдонушканына чыдабай мойнуна алганын көрсөткөн.

Бул жагдайлар жазык иш боюнча Ленин райондук прокуратурасы тарабынан дайындалган соттук медициналык экспертизасынын корутундусу (и.б. 147), № 21 мекемесинин начальнигинин, тез жардам көрсөтүү станциясынын башкы врачынын жооп каттары (и.б. 221-222) жана Э.Ниязбеков менен Г.Уркунбаевти милиция кызматкерлеринин уруп-сабоосу боюнча жазык ишин козгоо жөнүндөгү токтому (и.б. 266), фототаблицалар менен далилденет.Башкача айтканда жазык иш боюнча Э.Ниязбеков менен Г.Уркунбаевтин жабырланган А.Холодовту уруп-сабап өлтүргөндүгүн айгинелген түздөн-түз бир да далил жоктугу көрүнөт.

Ал эми КР Конституциянын 26 ст. 5 б. жана КР ЖПКнын 12 ст. 2 б. ылайык эч ким өзүнө каршы күбө өтүүгө милдеттү эмес.

Ошондой эле КР Конституциясынын 26 ст. 3 б. жана КР ЖПКнын 12 ст. 5 б. ылайык өзүнүн кылмыш жасагандыгын моюнга алышынын негизинде эч ким соттолууга тийиш эмес.

КР ЖПК 83 ст. 5 б. ылайык айыпкердин, соттолуучунун көрсөтмөлөрү анын ичинде өзүнүн күнөөсүн мойунуна алышы да иш боюнча баардык далилдердин жыйындысынын негизинде милдеттү түрдө текшерүлүүгө алынышы жана баа берилүүсү тийиш.

КР Конституциясынын 26 ст. 2 б. жана КР ЖПКнын 15 ст. 2,3 бөлүмдөрүнө ылайык айыпкер өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттү эмес, ал эми ушул Кодекске ылайык тийштүү укуктук жол-жобонун чегинде четтетилиши мүмкүн болбогон айыптоонун далилдегенине бардык шектенүүлөр айыпкердин пайдасына чечилет. Ошондой эле мыйзамды колдонууда келип чыккан четтетилбеген шектенүүлөр да айпкердин пайдасына чечилүүгө тийиш.

КР ЖПКнын 169 ст. 4 б. ылайык тергөө аракеттерин жүргүзүүдө зомбулук көрсөтүүгө, коркутууга жана башка мыйзамсыз чараларды колдонууга, ошондой эле аларга катышкан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч келтирүүгө жол берилбейт.

Ал эми КР ЖПКнын 81 ст. 4 б. 3 п. ылайык ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган ар кандай башка далилдер жол берилгис далилдерге кирет.

Бул жагдайларда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 16 июнь 2010 жылдагы жана Бишкек шаардык сотунун кылмыш жана административдик укук бузуулар иштери боюнча соттук коллегиясынын 30 июнь 2010 жылдагы Ниязбеков Эркинбек Темирбекович жана Уркунбаев Гафар Алтымышевич жөнүндөгү өкүмдөру КР ЖПКнын 253 ст. 2 бөлүмүнүн, «соттун өкүмү сот отурумунда изилденген далилдерге гана негизделүүгө тийиш» - деген талабына ылайык чыгарылгандыгы көрүнөт.

Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 9 август 2011 жылдагы  Ниязбеков Эркинбек Темирбекович жана Уркунбаев Гафар Алтымышевич жөнүндөгү айыптоо өкүмү жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарына каршы кабыл алынгандыгы көрүнөт. Анткени, бул окүмдө, иш боюнча кызыкдар, иштин бир тараптуу чечимин көздөшкөн «кылмыштын бетин ачтык» - деп өздөрүн эсептешкен жана «КР ЖПКнын 169 ст. 4 бөлүмүнүн талаптарын бузган» - деп азыркы учурда айыпталып жатышкан күбөлөрдүн көрсөтүүлөрүнө, тергөө учурунда зомбулук көрсөтүүнүн негизинде күнөөнү мойнуна алган Г. Уркунбаевтин көрсөтүүлөрүнө негизделүү менен өкүм чыгарылган жана Э.Ниязбековтун окуя болгон күнү окуя болгон жерге жакын «Мелькомбинат» телестанциясы жактан 3 жолу уюлдук телефон чалганына таянылган.

Бирок, бул телефон чалуу анын күнөөсүн айгинелейби түздөн түз далил жок жана шектүү. Демек бул жагдай жогоруда көрсөтүлгөндөй КР ЖПКнын 15 ст. 3 б. талабына ылайык соттолуучулардын пайдасына чечилүүгө тийиш. Ал эми иш боюнча окуяны өз көзү менен көргөн тергөөдө жана мурдагы биринчи инстанциядагы соттук отурумда көрсөтүү берген күбө Б.Бейшекеевтин көрсөтүүсү бул айыптоо өкүмүнө ылайыкташтырылып, толук жазылбай бурмаланып калгандыгы көрүнөт.

P.S. Жогорку кызматтагы колдоочуларга карабастан азыркы соттор мыйзамдуу чечим чыгарганга дайарбы???

Система Orphus