Акыйкат издеген эненин ыйын КИМ УГАТ???

добавлен 22 августа 2012 16:16
просмотров 1056

 

 

 

Сот системасын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Нарын шаарынан Омурова Жыпара кайрылды. Анын уулун Орозахун уулу Фархадды жалган жалаа менен Нарын шаарынын СИЗОсуна  (2012 жылдын 7 февралынан бери) камашат.

 

Иштин мааңызы:  Асанакунов Темирлан 2011 жылдын 5 сентябрда алты бала үйүнөн сабап кетишет. Темирландын апасы Абдылдаева Жумагуль  6 сентябрда Нарын шаарынын ИИБнө баламды белгисиз адамдар сабап кетти деген арыз менен кайрылган. Эки айдан кийин (01.11.2011 жылы) муруңку өзүнүн  арызын өзгөртүп менин улумду Орозахунов Фархад сабады деп кайра ИИМге кайрылат.

Соттук териштирүүсү: тергөөнүн жүрүшүндө дагы, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө дагы кылмышты жасаган алты бала өздөрүнүн кылган күнөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, көрсөтмө беришип, ошол эле учурда Орозахун уулу Фархаддын алар менен чогу болбогондугун жана Фархадды тааныбаганын билдиришкен. Ошондой жагдайларга карабастан тергөөчү Орозахунов Фархадка айып койюп баш коргоо чарасын камака алууну соттон суранган.

!!!Эң кызыктуусу эмнеге Темирландын үй бүлөсү Фархаддын камалуусуна кызыкдар? Анткени, ушул окуя болгонго чейин  Темирландын агасы Жолдошбек Орозахун уулу Фархадды сабап коет. Фархад бул окуя тууралу Нарын шаарынын ИИБ кайрылат. Тергөөчүлөр бул ишти жаап коюшат. Ошондо Фархадды коркутуу үчүн (кайра арыз жазып кайрылбоо үчүн), тизгинин тартыш үчүн ушул ишти башташат.

 

P.S. Нарын шаардык сотунун судьясы Султаналиев М.К. бул ишти акыйкат чечип бере алабы Жарандык кенештин байкоочулары байкоо жүргүзөт жана коомчулука маалымдайт, анткени мындай мыйзамсыз жагдайлар кийинки күндөрү көп байкалууда.

 

 

Система Orphus