Сотторго дагы сот болот экен да!!!

добавлен 08 августа 2012 14:05
просмотров 824

 

 

 

Сот системасынын көзөмөлдө боюнча жарандык кеңешинин коомдук кабылдамасына Жалалабат облусунун Ноокен районунан Мамбетова Г. кайрылды.

Иштин мааңызы:  2011 жылдын март айында Исмаилова Бактыгуль деген айым «Бон Вояж» деген оюнду ачкан (финансовая пирамида). Жалпысынан Исмаилова Б. он беш миллион (15000000) сомго элди  алдаган. Алардын ичинде Мамбетова Г. бар болчу. Мамбетованын акчасын кайтарбоо үчүн бир нече адамды уюштуруп Мамбетованын устунөн иш козготкон.

Азыркы күндө Исмаилова Б. карызын кайтарбаган үчүн  16 майдан бери камакта болчу, бирок 6 августа карызымды кайтарам деп  боштондука чыкты. Соту 13 августа Ноокен райондук сотунда өтөт. Ушундай мошенниктерди соттор жоопко тартпай үй камагына чыгарып жиберишет.

Мамбетова бир жылдан бери жалган жалаа менен камака алынып, иши туура чечилбей, соттор адаттагыдай эле сот териштүүрүнү чоюп  турганда, аргасыздан сот менен сүйлөөшүүгө барса, чечимди туура чыгарып бериш үчүн он миң (10000) АКШ долларын талап кылган. Мынча каражатты табар жери жок Мамбетова  УКМКнин (ГКНБ) коррупцияга каршы бөлүмүнө кайрылган.

06.08.2012 жылыУКМКнин кызматкерлери менен уюшкан иштин натыйжасында Жалалабат облусунун Ноокен райондук соттун төрагасынын милдетин аткарган судья Абдуллаева Шааркан эки миң АКШ долларын өлчөмүндө пара алып жатканда кармалды.

Ошентип Мамбетованы мыйзамсыз камакка алган Жалалабат облусунун Ноокен райондук соттун судьясы Эгембердиева Аида, анан бошотуш үчүн пара сураган Абдуллаева Шааркан өз ишинде кандай мыйзамдар менен колдонот болду экен.

Эми пара алганы үчүн жазасын тартат, деп ишенебиз.

 

P.S. А бирок мыйзамсыз камакка алган  үчүн, же мыйзамсыз күнөөлүүнү камактан бошоткон  үчүн, соттор жазасын тартабы?

Система Orphus