Башкы прокуратура кедей болуп корунгон чиновниктердин кирешесин текшере баштады (видео) КБК

добавлен 03 августа 2012 11:23
просмотров 1304

 

 

 

Бишкек, 31-июль, 2012-жыл (КТРК) Башкы прокуратура мамлекеттик кызматкерлердин тапшырган декларацияларынын ачыктыгын текшерүүнү улантууда. Мүлкү текшерүүгө алынган 154 чиновниктин 93ү тапкан кирешеси жана бар байлыгы туурасында туура эмес маалымат берип, көпчүлүгү мыйзамдуулукту сактаган эмес. Өлкөдө чиновниктердин кирешесинин үстүнөн карай турган мыйзам жоктугунан улам, мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү декларацияларга өзүнүн мүлкүн, унааларын жана турак жай өңдүү байлыктарын толук жазган эмес. Мындан улам, прокуратура эми жалган маалымат бергендерди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуунун, а түгүл мыйзамга өзгөртүү киргизип, жазаны дагы күчөтүү керек деген пикирде.

Башкы прокуратура ар кандай кызмат ээлеген 300 аткаминердин мүлкүн текшерүүгө алып, алардын 90дон ашыгы декларация толтурууда туура эмес маалымат бергендигин аныктап, жетекчилик кызматта иштеген сегиз адамдын атын атады.

1. Аликбек Мамыркулов – Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын жетекчиси,

2. Орозмат Абдыкалыков – Улуттук статистика комитетинин мурунку төрагасы,

3. Каныбек Нарбаев – Курулуш жана аймактык өнүгүү агенттигинин директору,

4. Учкунбек Ташбаев – Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы,

5. Юруслан Тойчубеков – Финансы рыногун жөнгө салуу жана ага көзөмөл жүргүзүү кызматынын жетекчиси,

6. Төрөгул Беков – өкмөттүн аппарат жетекчиси,

7. Койсун Курманалиева – Талас облусунун губернатору,

8. Жеңиш Раззаков – Баткен облусунун губернатору.

Баары бир туура эмес жазып жатса, декларация толтуруунунун зарылчылыгы барбы? - деген суроо туулат. Адистер бул боюнча -  чиновнитердин кирешелери жана анын булактары ачыкталып турганы эл аралык тажрыйбада бар экенин айтат. Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карсартова билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруусу Кыргызстанга керек, бирок анын бүгүнкү ыкмасы өтө формалдуу.

Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова: “Декларация толтуруу керек, ушинтип жалпыга маалымат берип отуруп, акыр аягы бул жараянды аткаруу туура жолго түшөт деп ойлойм. Негизи, баардык эле чиновниктер буга чейин деле кирешеси менен байлыгын жашырып келген, азыр деле жашырууда, мисалы Бабанов деле кедей эмес да, анын бизнеси бар, байлыгы бар экенин баардыгы эле билет, эмне үчүн ал тизмеде жок?”

Башкы прокуратурадан билдиргендей өкмөт башчынын мүлкү туурасында маалымат топтолуп бүтө элек, ал азыр да текшерүүгө алынууда, андан башка дагы 150 чиновниктин мүлкүн текшерүү бир ай ичинде жыйынтыкталат.

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулу“Бабановдун мүлкү да текшерүүгө алынууда. Негизи эле, адамдын бар байлыгын текшерүүгө алуу оңой иш эмес, көп убакытты талап кылат.”

Мамлекеттик кызматкер декларацияны жалган берип койгону үчүн, аны жоопко тартуу жөнүндө мыйзам жок. Ошондуктан, Башкы прокуратура учурдагы мыйзамга өзгөртүү киргизип, туура эмес маалымат берген чиновниктерге карата жазаны күчөтүү керек деген сунуш көтөрүүдө.

Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулу:“Жоопко тартуу боюнча мыйзам жок, аткаминерлердин жалган маалымат бергендиги туурасында, президентке жана өкмөткө атайын көрсөтмөгө аты-жөнүн жазып жибердик.”

Мүлкү туурасында туура эмес маалымат берди деп аты жарыяланган мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин айрымдары -  декларация толтурууда ар кандай түшүнбөстүктөр бар экендигин айтышат. Мисалы, чиновник кыймылдуу мүлкүн ишеним кат аркылуу сатып жиберген болсо, азыр деле ал ошол чиновниктин наамына катталган бойдон жүргөн учурлар көп.

Ж. Өмүрканов, Т. Сыдыгалиев, Коомдук биринчи канал.

Система Orphus